Жөтөлгө кандай элдик ыкмалар жардам берет?

Жөтөлгө кандай элдик ыкмалар жардам берет?

Күн сууктагандан бери коомдук жайлардан күрсүлдөп жөтөлгөндөрдү көп байкап калдык. Жөтөлдү убагында дарылап, ага каршы туура кам көрүлбөсө өнөкөткө айланып кетет.

Жөтөлдү баскан ыкмалар

Пияздын кайнатмасы

Бир литр кайнаган сууга 2 даана пиязды майда туурап саласыз. Үстүнө 1 стакан шекер салып аны жай отко бир саат кайнатасыз. Даяр болгон массаны күнүнө 3-4 жолу жылытып жеп туруу керек. Ал эми балдарга бир чай кашыктан 3 маал жегизип турса болот.

Мурч кошулган шарап

250 грамм жүзүм шарабынын ак түрүнө 60 грамм майдаланган мурч салып аны кайнаганга чейин жеткиресиз. Муну күнүнө 3 ирет жылытып ичүү сунушталат. Бал аралашмасы, зайтун майы менен балдан теңме-тең алып аралаштырасыз да, пайда болгон массаны күнүнө 3-4 ирет 1 чай кашыктан жеп турасыз.

Арпа кайнатмасы

20 грамм арпа менен 1 стакан сууну аралаштырып 5 мүнөт коюп, тыныккан соң 10 мүнөт кайнатуу керек. Даяр болгон дарыны күнүнө 1 аш кашыктан 6 ирет кабыл алуу шарт. Бул кайнатма тамагыңызды жакшы жибитет.

Апельсин

Кургак жөтөлдө апельсинди аарчып 5-6 бөлүккө бөлүп аласыз. Эми апельсинди кабыгы менен кошо салып 30 мүнөт шекердин сиробуна кайнатасыз. Катуу жөтөл маалында бир чай кашыктан ичирип туруу жетиштүү.

Быштак

Быштакты сары суусунан бөлүп сыгып алган соң жылытасыз. Эми аны марлиге тегиз кылып жайып туруп баланын көкүрөгүнө таңасыз. Компрессти 40 мүнөткө чейин кармоо керек.

Картошка

2 даана картошканы сууга бышырып, ага 2 аш кашык спирт жана 2 чай кашык зайтун майын кошуп эзесиз. Даяр болгон массаны эки бөлүп тегеректеп котлетке окшош формага келтирип аласызда, бирин көкүрөгүнө, экиичисин белине коёсуз. Компресс коюлгандан кийин баланы жылуулап ороп 1 саат жаткыруу керек. Түрп

7 даана кара түрптү тазалап, майдалап туурап туруп үстүнө шекерден себелеп 8-9 коёсуз. Белгиленген убакыттан кийин даяр болгон ботконун ширесин сыгып аласыз да, саат сайын 1 чай кашыктан жөтөлүңүз басылганча иче бересиз.

Горчица

1 литр жылуу сууга 2 аш кашык горчицаны салып, бутту 15 мүнөттөй кармап туруу зарыл. 1 жашка чейинки ымыркайлар үчүн 1 аш кашык горчицаны жарым литр жылуу сууга аралаштырып, ага жумшак кездемени салып суулап аласыз. Ал кездеме менен баланы 1-2 мүнөт ороп кармап турасыз. Андан соң таза кездеме менен аарчып, жылуу кийимдерин кийгизип, үстүн жылуулап жаап жаткырып коёсуз. З жашка чейинкилерди 2 мүнөт, 7 жашка чейинкилерди 3 мүнөт, 9 жаштан өйдөкү балдарды 10 мүнөттөн ашык кармоого болот. Бул ыкманы дене табы 37,4 градустан өйдөлөргө жасоо сунушталбайт.

Булак: “De-facto”

Назар Новости