Кыргызстанда ВИЧ илдетин жуктурган 10 миңге жакын адам расмий каттоодо турат

Кыргызстанда ВИЧ илдетин жуктурган 10 миңге жакын адам расмий каттоодо турат

Кыргызстанда ВИЧ инфекциясын жуктургандар соңку эки жылда 1876 адамга көбөйдү. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, акыркы 2020-жылдын 1-январына карата өлкөдө ВИЧ жуктурган 9680 адам расмий каттоодо турат. Ал эми алардын 680и 14 жашка чейинки балдар, 532си чет элдиктер.

6-февралда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Бириккен Улуттар Уюмунун ВИЧ/СПИД боюнча программасынын (ЮНЭЙДС) атайын кеңешчиси Мишель Казачкин менен жолукту. Жолугушууда 2021-жылга карата кыргыз өкмөтү ВИЧ инфекциясын жуктуруп алуу учурларын 50% кыскартуу максатын коюп жатканы белгилүү болду.

Өмүрбекова Кыргызстанда ВИЧке каршы 2017-2021-жылдарга карата программа иштеп, бул илдетке чалдыккандарды аныктоо, жардам берүү ишин жакшыртуу аракети көрүлүп жатканын айтты.

Эске салсак, бул илдет алгач Кыргызстанда 1996-жылы аныкталып, ошол жылдан бери 2049 адам каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости