Күндүз уктаган абдан пайдалуу

Күндүз уктаган абдан пайдалуу

Ким түшкүсүн уктаганды жакшы көрөт? Көрсө түшкү үктоонун да пайдасы бар экен. Андыктан кунт коюп окуйбуз.
Адам күнүнө 7-8 саат уктоого тийиш. Бирок, бул бир уктаганда ойгонбой, турбай катары менен 7-8 саат уктоо дегендикке жатпайт. 8 саатты экиге бөлүп алып, түндө 5-6 саат, күндүз 3-2 саат чырм этип алганыңыз туура болот. Себеби күндүзгү уйку:
Көңүл сергитет
Акыркы изилдөөлөр боюнча, эртең менен 20 мүнөт уктаганга караганда күндүз 20 мүнөт уктаган пайдалуу. Мисалы, NASA агенттиги учкучтар менен космонавттардын күндүзгү 20 мүнөттүк уйкусу ишке болгон жөндөмдү 34 %, көңүлдү 100% көтөрөрү далилденди.

Стрессти азайтат
Күндүзгү уйку стрессти иштеп чыгуучу гормондорду азайтат жана терс эмоциялуу күчтөрдөн коргойт. Эгер куш уйку салып чырм эткиңиз келсе тынч жана ыңгайлуу жер тандап алыңыз.
Жүрөк ооруларын азайтып, кан басымды бир калыпта кармайт
Илимпоздор саламаттыгыңыз жайында болгон күндө да күндүз бир маал көз илип алууну сунушташат. Себеби, ал келечектеги саламат өмүрдүн кепили. Күндүз 15-20 мүнөт уктап алууну адатка айландырсаңыз, кан басымыңыз бир калыпта болуп, жүрөк ооруларын алдын аласыз.

Физикалык аракетти жакшыртат
Түштөн кийин 20 мүнөт уктоо фитнес менен машыккандарга жана спорттун башка түрү менен алектенгендерге милдет. Түндө 8 саат толук уктаган күндө да түштө 15 мүнөт уктап алганыңыз алда канча жемиштүү. Алтургай Жапонияда иш убактысында 15-20 мүнөт көз илип алууга уруксат берилген. Демек, чындыгында эле ишке болгон жөндөмдү арттырат. Болбосо, жапондор жөн жерден мындай кылбайт эле. «Макала жактыбы? ой-пикир билдириңиз!»

Булак: «Багыт.kg»

Назар Новости