Шайырбек Абдрахман: "Куру бекер өткөргөн мүнөттөрүңө өкүнөсүң, дүйнөңдү байытасың, өзүңдү тааныйсың"

Шайырбек Абдрахман:

Бүгүн фитнес залга үзбөй каттаганыма туура 6 жыл болуптүр. 🙂
Алгач Москва шаарында Печатники метросуна жакын жерде Гурянов көчөсүндө жайгашкан спорт клубдан баштадым эле. Кызыгы Москвада спорт залдар арзан. 2014- жылы ошол залга 25 миң рубль төлөп бир жылга абонемент сатып алгам. Азыр биздеги жаңы ачылган «Дасмия» деген залды сурасам, бир жылга 105 миң сом дешти. Билбейм, бул сумма мен үчүн кымбат эле. Эми башка темага кетпейин.
Ошол 2014- жылы оорубаган жерим аз эле болчу. Айрыкча белим ооруп, ооруусу бутка берип аябай кыйналчумун. Салмагым да 105 кг нын аржак бержагы болчу. Он жолу отжиманияны араң кылып, брусяда болсо түшсөм кайра чыга алчу эмесмин. Азыр кудайга шүгүр, салмак 90 кг. (кээде көтөрүлүп түшүп турат. Айрыкча тоябрь айларында.) 🙂 🙂
Чындашсам, 🙂 50 жолу отжимания жасайм. 🙂
Эң негизгиси ооруу сыркоодон кутулдум. Эми муну неге жазды мактанып дебегиле. Мүмкүн араңарда ооруп, бел, бут, ашказан ооруу менен алышып жүргөндөр болсо спортко киришкиле демекчимин. Кыйла жеңилдеп, сергип, жыргап каласыңар. Спорт өзүңдү байкоого жол ачат, өзүн байкаган адам жан дүйнөсүнө үңүлөт, жан дүйнөңө үңүлсөң көп көп боштукту байкайсың, аны толтурууга аракеттенесиң, куру бекер өткөргөн мүнөттөрүңө өкүнөсүң, учуп күйүп, шашылып арууланасың, дүйнөңдү байытасың, өзүңдү тааныйсың, айтор толтура.. Барыңарга жакшылык каалайм!
P.S. Ишенбесеңер койгула. 🙂 🙂
Ии айтмакчы, анан бул пост өтө сонундар үчүн да эмес э… 🙂 🙂

Шайырбек Абдрахман, журналист

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости