Коронавирустун инкубациялык мөөнөтү 14 күн эмес 24 күн болушу мүмкүн

Коронавирустун инкубациялык мөөнөтү 14 күн эмес 24 күн болушу мүмкүн

Коронавирустун инкубациялык мөөнөтү 14 күн эмес 24 күн болушу мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Кытайда жайылган вирустун инкубациялык мөөнөтү мурда айтылгандай 14 эмес, 24 күнгө созулушу мүмкүн. Изилдөөчү топтун мүчөсү Гуань Вэйцзенин айтымында, Кытай Эл Республикасынын Саламаттык сактоо маселелерин караган мамлекеттик комитетинин эксперттик комиссиясы жүргүзгөн изилдөөнүн көчүрмөсү интернетке тарап кеткен.

Анда көрсөтүлгөндөй, тумоонун инкубациялык мөөнөтү 3 күндөн 24 күнгө чейин созулары аныкталган. Бул изилдөө, Кытайдын вирус жайылган 31 аймагында жүргүзүлгөн.

Бирок, Гуань Вэйцзе бул алдын ала маалымат экенин айтып, чындыгында эле божомол тастыктала турган болсо коркунуч жаралышы мүмкүн экендигин эскертти. Себеби буга чейин вирустун инкубациялык убактысы 14 күн деп белгиленип, дал ушул убакытка ылайыкталып карантин жарыяланган. Эгер эксперттердин жаңы тыянагы тастыктала турган болсо, анда карантиндин нормаларын кайра карап чыгуу зарылдыгы жаралат.

Эске сала кетсек, Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон белгисиз оору 2019-жылдын декабрь айында маалымдалган. Эсперттердин айтымында ооруну козгогучтардын жаңы тиби 2019-nCoV деп аталат.

Бул оору менен жабыркаган алгачкы бейтаптар, деңиз азыктары сатылуучу базарга тиешеси бар адамдар болгондугу такталган.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости