Кыргызстанда коронавирусту алдын алуу үчүн абалды көзөмөлдөөгө штаб түзүлдү

Кыргызстанда коронавирусту алдын алуу үчүн абалды көзөмөлдөөгө штаб түзүлдү

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус боюнча абалды көзөмөлдөп жана алдын алуу боюнча атайын оперативдик штаб түздү. Бул тууралуу мекеменин Коомдук саламаттык башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова журналисттерге маалымат жыйыны учурунда айтты.

Жыйынга катышып жаткан Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев Кыргызстанда Кытайда жайылып жаткан коронавируска кабылды деп шектелгендер жок., болуп калса оорукана кабыл алууга даяр экенин билдирген.

Акматованын айтымында, штабга бир гана медиктер эмес, Чек ара кызматынын, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги сыяктуу сырттан келген жарандар жана конокторго тиешеси бар бардык ведомстволордун өкүлдөрү кирди.

Штаб Кытайдагы абал жөнгө салынмайынча иштемекчи.

Белгилей кетсек, аталган оору Тайванда, Түштүк Кореяда, Японияда, АКШда жана Таиландда катталды. Ал эми Сингапур, Гонконг жана Австралияда бул ооруга окшош вирус табылган.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости