Кышкысын ар кандай вирустардан коргоочу – бул биздин иммунитетибиз болуп саналат. Ал ортодо туура тамактануу дагы маанилүү. Кышында кандай азыктарды колдонгон жакшы?
Ит мурун (шиповник)
Ит мурундун курамында түрдүү витаминдер бар. Мисалы: темир, фосфор, калий, магний сыяктуу элементтер.
Таттуу кыямдар
Таттуу кыямдардын курамы B, C, E, D, P, K витаминдерине бай. Бүлдүркөндөн, карагаттан, малинадан жасалган кыямдар өтө пайдалуу
Цитрустук жемиштер
Лимон, апельсин жана грейпфрут жемиштеринин курамында аскорбин кычкылы бар. Ага утурлай: А, В, РР витаминдерге жана магний, калий, темир, фосфор, кальций, натрий элементтерине бай.
Болгар калемпири
Мээдеги кан айланууну жакшыртып, кан тамырларды кеңейтет жана атересклероз оорусунун алдын алат.
Булак: «АЗИЯnews»