СКП дарыгерлери жарандардын ден соолугун күнү-түнү көзөмөлдөөдө

СКП дарыгерлери жарандардын ден соолугун күнү-түнү көзөмөлдөөдө

2020-жылдын 28-январда, КРнын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Казахстан менен болгон чек аралардагы санитардык-карантиндик пункттардын ишин текшерди. “Чалдовар”, “Акжол” СКПнын жана “Кайыңды” темир жол СКПнын адистери тепловизордун жардамы менен келген жүргүнчүлөрдү тыкыр текшерүүдөн өткөрүп, алардын ден соолугу тууралуу сурамжылоо жүргүзүүдө. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы жазып чыкты.

Ошондой эле министр Москва жана Жайыл аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндөгү боксташтырылган (обочолонуп бөлүнгөн) палаталардын даярдыгы жана керектүү болгон жабдыктар менен камсыздалышын текшерип чыккан.

Мындан тышкары, Космосбек Чолпонбаев бүгүн таң эрте Казакстан аркылуу автотранспорт менен келип, Ысык-Ата аймактык ооруканасына жайгаштырылган Кытайдын Үрүмчү шаарында билим алган студенттерден кабар алып келди.

Бардык студенттерге үзгүлтүксүз медициналык кароо жүргүзүлүп жатат. Алардын абалы канааттандыраарлык жана коронавирустун эч бир клиникалык белгилери аныкталган жок.

Министр бардык жоопту адистерге тыкыр санитардык көзөмөл жүргүзүүгө, Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам чара көрүү штабы менен үзгүлтүксүз байланышта болуп турууга көрсөтмө берди. Министр дарыгерлердин аткарып жаткан иши үчүн ыраазычылык билдирип: “Калктын саламаттыгы биздин колубузда, өзгөчө кыраакы болуу керек ”,-деп белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылдын 27-январына карата республиканын аймагында коронавирусту жуктуруп алган бир дагы учур катталбагандыгын дагы бир жолу эске салат.

Сунушталган вирустун алдын алуу чаралары:

— Колду самындап бат-бат жууп туруу же спирт менен сүртүү;
— Жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозду, мурунду чыканак менен же бир жолу колдонулуучу кагаз бет аарчы менен жабуу;
— Сасык тумоо же курч респиратордук инфекциялардын белгилери байкалган адамдардан алыс болуу;
— Эт жана жумурканы жакшылап бышырып колдонуу;
— Жаратылыштагы жапайы жаныбарларга жана канаттууларга жакындабагыла;
— Эгерде дене табыңыз көтөрүлүп, жөтөлүп, дем алууңуз кыйындаса, тезинен медициналык жардам алууга кайрылыӊыз.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости