ВИДЕО — Кыргызстандык адис коронавирусту айыктыруучу жабдык иштеп чыккандыгын жарыялады

ВИДЕО - Кыргызстандык адис коронавирусту айыктыруучу жабдык иштеп чыккандыгын жарыялады

Кыргызстандык терапевт доктур Гүлмайрам Желденбаева коронавируска каршы жабдык иштеп чыккандыгын билдирди.

Ал жабдыктын жардамы менен бир убакытта эле 100гө жакын адамды эффективдүү дарыласа болот. Желденбаеванын баамында коронавирус менен озонотерапия аркылуу айыкса болот жана ал үчүн озонатр жабдыгы иштелип чыккан.

Ал үчүн 2001-жылы ойлоп табуучу Павел Андреев менен Гүлмайрам Желденбаева Юстиция министрлигинен каттоодон өтүп, “Шапак” ЖЧК түзүп, Улуттук Академия менен бирдикте патенттен өткөн. Жабдыктын ишине баа берүү максатында алгач лабораторияда иттерди, мышыктарды эксперрименттер өткөрүшкөн. Кийинчерээк аппараттын жардамы менен инсульт, гипертония, нерв ооруларын дарылоодо жакшы көрсөткүчтөргө жетишкен.

Бул Озонатр жабдыгы менен коронавирус илдетин толук кандуу дарыласа болот дейт Гүлмайрам Желденбаева.

https://www.youtube.com/watch?v=HG5q7n5jxJU

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости