Ухань шаарынан келген 18 студент ооруканадан чыкты

Ухань шаарынан келген 18 студент ооруканадан чыкты

Кытайдын Ухань шаарынан келген 18 студент ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-февралда 14 күндүк карантинден кийин 18 студент ооруканадан чыгарылды. Алардын абалдары канааттандырарлык.

Эске салсак, Ухань шаарында окуган Кыргызстандык 18 студент, 2-февраль күнү Бишкекке алынып келинген. Келген жарандардын баары аэропортто тиешелүү текшерүүдөн өтүп, Бишкек шаарынын четиндеги атайын жугуштуу оорулар үчүн бөлүнгөн бөлүмгө жайгаштырылган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости