Хирург, медицина илиминин доктору менен маек.
— Расул мырза, мындан бир топ жыл мурда сиз жетектеген хирургдар тобу Кыргызстанда боорду которуу боюнча алгачкы операцияны жасадыңыздар эле. Бүгүнкү күндө бул багытта канчалык деңгээлде илгерилей алдыңыздар?
— 2014-жылы 29-октябрда биз боорду которуу боюнча операция жасаган жигит 21 күн жашаган. Бул дүйнөлүк практикада жакшы жыйынтык. Себеби, операция туура эмес жасалып, кан тамырлары туура эмес кошулуп калса, алар кайра ойгонбойт, комадан чыкпайт. Бул бала болсо ойгонуп, өзү тамак ичип калган. Он төртүнчү суткадан кийин абалы начарлай баштады. Себеби, анын боордон башка да оорулары көп болчу. Жүрөк, дагы башка тараптардан. Негизгиси, биз ал баланы абдан кыйын стадияда алдык. Мурдунан, тишинен кан агып баштаган. Дарылар жардам бербей калган. Биз операция жасабасак да бир жумадан кийин кайтыш болмок. Операция жасалгандан кийин үч жума жашады. Бирок, андан ары алып чыкканга бизде тийешелүү медициналык шаймандар жок болгондугунан ал каза болуп калды.
2019-жылы 27-март күнү биз 38 жаштагы жигитке операция жасадык. Боорунун тең жарымы авиакокк болуп калган. Бирок, боор аркылуу жүрөккө өткөн кан тамырды тегерете шишик курчап калгандыктан, биз операцияны токтотууга аргасыз болгонбуз. Себеби, боорду сыртка алып чыккан кезде аны алмаштыра турган кан тамырлар, боорду убактылуу консервациялап, сактай турган дарыбыз жок болчу. Болгон маалыматты Индияга жиберсек, алар “өзүнүн боору жарабайт, алмаштырыш керек, андай операция 50 миң доллар турат” дешти. Нижний-Новгород шаарындагы боорду сыртка алып чыгып, кайра салуу боюнча КМШдагы жападан-жалгыз адиске жөнөтсөк, ал “30 миң долларга арекет кылып көрөбүз, бирок кепилдик жок” деди. Бирок, ал жигиттин атасы да, апасы да жок, болгону бир эжеси, тогузунчу жана экинчи класста окуган эки уулу бар. Аялы ооруп, акча таппай калганда таштап кетип калган. Байкуш эжеси болгон тыйын-тыпырын топтоп, 86 миң сомго жасалма кан тамырды, 600 долларга Түркиядан боорду убактылуу консервация кыла турган растворду алып келишти. Биз 2-июль күнү операция жасадык. Операция 14 сааттан ашыкка созулуп, анын ичинде оорулуу үч сааттай боору жок жашады. Боорду сыртка алып алып, жүрөккө кеткен кан тамырлардын ордуна эки жасалма тамыр коюп, боорун шишиктен тазалап, кайра жалгаштырдык. 13 суткадан кийин айыгып, үйүнө чыгып кетти. Бүгүнкү күндө (мына алты айдан ашты) абалы жакшы. Маал-маалы менен бизге келип, көрүнүп турат.
— Демек, сиздер шарт эле болсо боорду Кыргызстанда да алмаштырууга болорун далилдепсиздер да?
— Ооба. Биздин адистер бүт даяр. Команда бар. Ошол операциядан кийин дагы хирургия бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Абиров, анестезиолог Жаныбек Эркинбаев үчөөбүз эки жума трансплантациялык борбордо акыркы болуп жаткан жаңылыктарды, өзгөрүүлөрдү үйрөнүп келдик.
— Техникалык жабдуулар жагынан сиздерге ушу тапта эмнелер зарыл?
— Биринчи кезекте гемодиализдик, боор-диализдик, перитониалдык диализдик аппараттарды коюп, гравитациялык бөлүмдү ачыш керек. Экинчиси, биз өзүбүздө бар аспаптар менен иштеп жатабыз да. Боорду кесип алып аткан кезде ткандарын үйлөп, тазалап берген аппараттар болсо жакшы болмок. Ал өтө деле кымбат эмес. Бир аппарат 127 миң доллар, экинчиси 70 миң доллар. 2014-жылдан бери “кандай аппарат, канча каражат керек?” дегенде баасын эсептеп эле берип атабыз. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин ал аппараттардын бирөөнү да ала элекпиз. Ошентсе да “жок” деп жата бербей, колунда жокторго жардам берип жатабыз. Андай операциялар негизи биздин шартта жасалбашы керек. Балдардын жүрөктүүлүгүнөн, анан Кудай Тааланын жардамы менен эле жасап атабыз да. Себеби, байкуш биздин бейтаптар чет өлкөлөрдөгү ооруканаларга барып, 27 миңден 50 миң долларга чейин чыгым тартышат. Өзүбүздө жасалса анчалык чыгым кетмек эмес. Бизде өзүнүн боорун жанагындай кылып сыртка алып чыгып тазалап, кайра салгандагы жалпы чыгым 4 миң доллардай болду.
— Бөйрөктү алмаштыруу боюнча да операцияларды өзүбүздө жасаса болобу?
— Боорду алмаштырып аткандан кийин бөйрөк оңой эле да. Алты саатта алмаштырып койсо болот. Ал эми боорго 12-14 сааттан көбүрөөк убакыт кетип атпайбы…
Булак: «АЗИЯnews»