ООЗДОГУ ЖАГЫМСЫЗ ЖЫТТАН АРЫЛЫҢЫЗ!!!

ООЗДОГУ ЖАГЫМСЫЗ ЖЫТТАН АРЫЛЫҢЫЗ!!!

Ооздогу жагымсыз жыт кандай себептерден улам келип чыгат?

Эң биринчи кезекте чылым чеккендердин, арак ичкендердин, ачуу жыты бар азык-түлүктөр (сарымсак, пияз ж.б.) жана ашказан, өпкө ооруларында да ооздон жагымсыз жытты чыгарат. Жагымсыз жыттын чыгуу себептери.

Эгерде оозуңуздан жагымсыз жыт такай чыгып турса, анда төмөнкү себептерден улам болушу мүмкүн. Жагымсыз жыт оозду туура эмес жууганда пайда болот:

Бүйлөлөрдүн оорушу, оозду туура эмес жууганда да жагымсыз жыт чыгат. Эгер тишиңизди таза жуубасаңыз, сиз жеген тамактардын калдыктары калып, жаман жытты чыгарат. Тишти таза жууган күндө да оозуңуздан жагымсыз жыт жыттана бериши мүмкүн. Ошондуктан, тилиңизди да таза жууганга көнүңүз.

Гайморит жана ашказан оорулары ооздогу жагымсыз жытты чыгарат! Кээ бир учурларда гайморит, кант диабети, кургак учук, ашказан, өпкө оорулары менен ооруган адамдын оозунан да жагымсыз жыт чыгышы мүмкүн.

Тамекини дембе-дем тарткан адамдын оозунан жагымсыз жыттын чыгышы толук мүмкүн. Анткени, тамекнинин түтүнү өпкөнү гана жабыркатпастан, ооздун ичин жабыркатып, жагымсыз жытты пайда кылганы аз келгенсип, бүйлөнүн оорушуна алып келет. Ооздогу жагымсыз жыттан арылыңыз! Тишти тазалоодо жашыл жемиштерди көп колдонууга аракет кылыңыз. Анткени, жашыл жемиштердин курамында хлорофилл көп болгондуктан, дем алууну жакшыртат.

Тиш доктурлар мындай кырдаалда алмадан даярдалган уксусту колдонууну сунушташат. Анткени, кислота тамакты жакшы сиңирүүгө жардам берет.

Ооздогу сарымсактын жытын кетириш үчүн петрушканын бир жалбырагын чайнап койгонуңуз жакшы.

Назар Новости