Чылым чегүүдө жабыркаган организм калбына келет. Бирок тамекини таштоо зарыл

Чылым чегүүдө жабыркаган организм калбына келет. Бирок тамекини таштоо зарыл

Адам чылым чеккенден улам пайда болгон ооруларды айыктыра алат. Бирок тамеки тартууну таштоо зарыл. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Адистердин пикиринде, чылымдагы химиялык элементтер өпкөнүн ДНК клеткаларын бузуп, мутациялап, бара-бара зыяндуу шишиктердин пайда болушуна алып келет.

Окумуштуулардын изилдөөсүндө дем алуу органынан алынган клеткалардын көбү тамекинин айынан бузулуп кеткени аныкталган. Мындай клеткалар 10 миңге чейинки генетикалык өзгөрүүнү камтыйт. Бирок клеткалардын бир бөлүгү соо калары байкалган.

«Алар кантип генетикалык мутациядан «аман» калары түшүнүксүз. Чылымды таштаганда дал ушулар өсүп, бузулган клеткалардын ордун толуктап баштайт», — дешкен окумуштуулар.

Натыйжада тамекиден баш тарткан кишилердин өпкөсүнүн клеткаларынын 40 пайызы эч качан чылым чекпеген адамдардыкындай көрүнүп калары белгиленет.

Адистер изилдөөнү дагы тереңдетип жатышканы айтылган маалыматта.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости