Нурказы Батырбеков: “Мектепти бүтүргөндөр өлкөгө гепатит В дартына каршы вакцина алып берсек"

Нурказы Батырбеков: “Мектепти бүтүргөндөр өлкөгө гепатит В дартына каршы вакцина алып берсек

Жарандык активист Нурказы Батырбеков мектепти бүткөнүнө 10-20-30 жыл болгон бүтүрүүчүлөргө жалпы кайрылып, гепатит В дартына каршы вакцинаны алып берүү керектигин сунуштап жатат. Ал эки жылдан бери гепатит В дартына каршы вакцинаны сурап, саламаттык сактоо министрлигине кайрылып келет. Анын билдиришинче, бул жаатта каржы тартыштыгынан маселе чечилбей жатат.

“Урматтуу мекендештер, быйыл мектепти бүтүп, уядан учканыбызга кээ бирибизге 10 жыл болсо, кай бирибизге 20-30 жыл болду. Азыркы учурда социалдык тармактар аркылуу боор алмаштыруучу аппарат алып берүү боюнча ар кандай маалыматтар таркап жатат. Ооба, бул суроо мамлекеттик деңгээлде чечиле турган орчундуу маселе. Ал эми менин мекендештериме кайрылуу иретинде сунушум бар эле. Бардык бүтүрүүчүлөр топтолуп, гепатит В дартына каршы вакцинаны кыргыз элибизге алып берсек жакшы болмок. Баарыбыз бир тегерек үстөлдө отуруп, кеңешели. Мен силерден колдоо күтөм!” деп билдирди Батырбеков.

Булак: «АЗИЯnews»

Назар Новости