Ал эми бүгүн бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, социалдык тармакка жана мессенжерлерге тараган Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына коронавирус жуктуруп алган бейтап жеткирилгени тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Министрлик такталбаган маалыматтарды таратпоону суранат

МИНИСТРЛИК: Коронавирус жуктурган адам ооруканага түшкөнү чындыкка дал келбейт

Кечээ, 24-январда «NazarNews.kg» маалымат агенттиги Казахстандын “Алматы шаарына коронавирус келдиби” деген видео тараганын жазып чыккан эле. Бул тууралуу социалдык тармактарда жана ММКында кызуу кеп болгон.

Видеодо атайын кызмат коронавирус жукту делген кишини коопсуздук эрежесине туура келген кишини унаадан, учактан медициналык зембилге салып кетишкендигин көрүүгө болот. Такталбаган малымат боюнча “коронавирус менен жабыркаган киши Кытайдын вирустун очогу делген Ухань шаарынан Алматыга келген. Бирок Казахстан расмий түрдө бул тууралуу маалымат бере элек.

Ал эми бүгүн бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, социалдык тармакка жана мессенжерлерге тараган Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына коронавирус жуктуруп алган бейтап жеткирилгени тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Министрлик такталбаган маалыматтарды таратпоону суранат.

Вирусту жуктуруп албоо үчүн:

— колду дайыма самын же курамында спирт бар каражат менен жууп туруу;

— чүчкүргөндө же жөнөлгөндө оозду жана мурунду кол же кагаз сүлгү менен жабуу;

— курч респиратордук инфекциянын белгилери бар адамдар менен байланыш түзбөө;

— эт жана жумуртканы дыкат термикалык иштетүүдөн өткөрүү;

— жапайы жаратылыштагы жаныбарлар жана куштарга жакындабоо керек;

— эгер дене табыңыз жогорулап, жөнөтүлүп, дем алууда кыйналып жатсаңыз медициналык жардам алыңыз.

9-январда кытайлык эпидемиологдор Ухань шаарында вирустун жаңы түрү — коронавирус (2019-nCoV) пайда болгонун аныкташкан. Оорунун негизги белгилери — дене табынын көтөрүлүшү жана жөтөл.

Жаңы вируска байланыштуу Кыргызстанда:

  • Кыргызстан менен Кытай чектешкен аймактагы көзөмөл-өткөрүү пункттарында жана эл аралык «Манас» аэропортунда коронавирус дартын текшерүү үчүн тепловизор жабдыктары орнотулду.
  • Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан көзөмөл-өткөрүү пункттары жана аэропорттор катуу көзөмөлгө алынып жатат.
  • Ошондой эле коронавируска байланыштуу Кытайдан Кыргызстанга алынып келген этке, эт азыктарына убактылуу чектөөлөр киргизилди.

Акыркы маалыматтар боюнча бул оорудан 26 киши каза болуп, 850 адамга жуккандыгы кабарланды.

Оору чет өлкөгө да тарап, Түштүк Корея, АКШ, Тайвань, Таиланд, Япония жана айрым маалыматтар боюнча Россияга тарагандыгы кабарланууда.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости