Динара Оторбаева: "Кытайдан келген студенттердин дени сак"

Динара Оторбаева:

Кытайдан келген кыргыз студенттери текшерүүдөн өтүп, карантинге алынган. Алардын дени сак экенин Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментинин адиси Динара Оторбаева NazarNews.kg маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, Кытайдан кайтып келишкен студенттердин баарынан лабораториялык изилдөө үчүн анализдери алынды.

«Кытайдан келген студенттердин дени сак, алдын алуу үчүн гана текшерүүгө алынды. Кыргызстанда коронавирус катталбагандыктан эл көп чогулган жайларда эч кандай санитардык тазалоо иштери жүргүзүлбөй эле. Учурда ОРВИнин сезону, ал эми жаңы вирус катталган жок», — деди ал.

Кечээ, 27-январда, кыргызстандык киши коронавируска кабылды деп шектелип, ооруканага жаткырылган. Ал Таиланддан келген. «Манас» аэропортундагы тепловизор анын дене табы көтөрүлүп турганын аныктаган.

“Таиланддан келип, ооруканага түшкөн кыргызстандык жарандын оорусу коронавируска жакын эмес”,- деп кошумчалады Оторбаева.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости