Кедейчиликте жашаган миллиардерлер

Кедейчиликте жашаган миллиардерлер

Атагы ааламга кеткен байлардын баары эле «жетиштүү үй-бүлөдө төрөлүп, атасынан калган мурасты алып» миллионер болуп кетишкен. Тескерисинче, көпчүлүгү итке минген кедейчиликтен чыгышкан. Бирок алар талыкпас эмгектин, өжөрлүктүн, өздөрүнүн акылынын арты менен ааламдын байы аталышкан. Төмөндө алардын айрымдары:

Машинада түнөгөн миллиардер

Капиталынын эсеби: 3,4 млрд $

Жон Пол 2 жашка келгенде анын ата-энеси ажырашып кетишкен. 9 жашында агасы экөө апасына жардам берүү үчүн открытка, газета сатышкан. Ошого да карабай апасы балдарын бага албай калып башка үй-бүлөгө берген. Көзөмөлдөөр кишиси жок болгондуктан, Жон жаштыгында көчө бандасына кошулуп кетет. Бир жолу мектептеги математика мугалими аны “жашооңдо эч качан эч нерсеге жетишпейсиң” деп жемелеп, намысына тийгенде өзүнүн жашоосун өзгөртүүнү чечет. 700 доллар менен компания ачып, үйлөрдү кыдырып шампунь сата баштаган. Ушул учурларда Жон экинчи жолу көчөдө калып, эскилиги жеткен кароосуз машинанын ичине кирип уктап жүргөн күндөрү болот. Кийин ал шампунь бизнеси өнүгүп, текила чыгарууну колго алат. “Patron” текиласы азыр деле дүйнө жүзүндөгү кымбат алкоголдук суусундуктардын бири.

Өзүнө кийим сатып алуу үчүн түнү менен иштеген

Капиталынын эсеби: 7,5 млрд $

Ральф Лорендин ата-энеси төрт баласы менен бир бөлмөлүү батирде жашашчу, анткени андан чоң батирге төлөгөнгө акчалары жок эле. Ральф кичине кезинен баштап атагы чыккан бай адам болууну каалачу. Атүгүл мектептеги дил баянында да “чоңойгондо миллионер болгум келет” деп жазганы бар. Өзүнөн улуу агасынын кийимин кийип чоңойгондуктан, өзүнө таандык жаңы кийимге ээ болгусу келчү. Ага ата-энесинин мүмкүнчүлүгү жок экенин билип, күндүзү окуп, түнү иштей баштаган. Ошентип жүрүп 12 жашында биринчи жолу өзүнө таандык жаңы кийим сатып кийген. Ральф ийгиликтүү жана бай болуу адамдын жеке өзүнөн көз каранды экенин эрте жашынан түшүнгөн.

WhatsAppтын негиздөөчүсү биринчи акчасын пол жууп тапкан

Капиталынын эсеби: 9,2 млрд $

Кум Ян Киевде еврей үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1992-жылы апасы жана таенеси болуп Калифорнияга көчүп барышып, биринчи долларын азык-түлүк дүкөнүнүн полун жууп тапкан. Ал акчага үй-бүлө араң жан багышчу. Апасына рак илдети жармашканда алардын жашоосу мурункудан да кыйындаган. Кум студент кезинде акча табуу үчүн окуудан сырткары иш издеп жүрүп Брайан Эктон менен таанышып калат. Ал Кумду Yahoo компаниясына жумушка орноштурат. Жумуш менен окууну чогуу алып кетүү кыйын болгондуктан, Ян окуусун таштап, жумушка баш-оту менен киришкен. 2009-жылы ал дүйнөдөгү эң ири мобилдик сервис болгон WhatsAppты түзгөн. 2014-жылы Facebook компаниясына аны чоң суммага саткан.

Жетимчиликте өскөн Абрамович

Капиталынын эсеби: 11,5 млрд $

Орусиялык белгилүү миллиардер Роман Абрамович кичине кезинде эле томолой жетим калган. Бир жашында оорудан улам апасы каза болсо, төрт жашында атасынан ажырайт. Бала чоң энеси менен калат. Абрамович өз ишин механик болуп иштөөдөн жана оюнчуктарды сатуудан баштаган. 1990-жылдары нефти сатуу менен алектенип калган. Көп өтпөй Борис Березовский менен таанышып, чогуу иштей башташат. Алардын бул союзу ийгиликтүү болуп, биргеликте бир нече фирмаларды ачканга жетишишет.

Көз айнек алкагынын падышасы балдар үйүндө чоңойгон

Капиталынын эсеби: 22,9 млрд $

Леонардо Дель Веккио үй-бүлөдөгү беш баланын бири болгон. Бирок аларды жалгыз бой апасы бага албай калгандыктан, кийин балдар үйүнө которушкан. Өзүнүн эмгек жолун Леонардо автоунаанын тетиктерин чыгаруучу заводдо үйрөнчүк болуп иштөөдөн баштаган. Ошондо металлды кайра иштетүүнү жакшы өздөштүргөнүнүн пайдасы тийип, кийин өзү көз айнектин алкагын жасоочу устакана ачат. Азыр Леонардо бул жааттагы дүйнөгө белгилүү компаниянын негиздөөчүсү жана төрагасы. Анын компаниясынан атактуу Ray-Ban, Oakley жана Persol бренддери менен күндөн коргоочу көз айнектин алкактары чыгат.

Кедейлигинин айынан мектепти таштаган

Пино Капиталынын эсеби: 28,5 млрд $

Франсуа Пино Бретань деп аталган француз провинциясында төрөлгөн. Мектепте начар окуганы менен аны бала кезинен ишкерлик кызыктырган. Ушунчалык кедей үй-бүлөдө жашагандыгы үчүн аны классташтары дайыма шылдыңдашчу. Ошол нерседен тажаганда 16 жашында мектептен чыгып кетет. Бир нече жыл өз мекенинде эле ар кандай жумуштарды жасап акча таап жүргөн, кийин үч жылга Алжирге кетип, ошол жактан бизнесинин пайдубалына акча чогултуп келген. Пиного көптөгөн дүйнөлүк бренддер, соода түйүндөрү таандык.

10 жашында үй-бүлөсүн баккан

Ли Кашин Капиталынын эсеби: 35 млрд $

Ли Кашин дүйнөдөгү таасирдүү бизнесмендердин бири. Гонконгдун жана Азиянын эң бай адамы. Ал абдан кедей үй-бүлөдө туулуп-өскөн. Атасы кургак учук менен ооруп, дарыланганга акчанын жоктугунан каза болуп калган. Ошондон кийин 5- классында эле окуудан чыгып алып, сааттардын боолорун сатып акча тапканга өтөт. Кийинчерээк пластмассадан гүл чыгарган фабрикага жумушка орношот. Өспүрүм бала күндүзү ден соолугуна зыян келтирүүчү жасалма гүлдөрдүн боёктору менен иштеп, жумуштан кийин кечки мектепте окучу. Ли биринчи бизнесин пластмасса буюмдарды чыгаруучу ишкана ачуудан баштаган. Учурда анын компаниясында 53 өлкөдө иштеген 270 миң адам бар.

Булак: Lady.kg

Назар Новости