Кан басымдын жогорулап же түшүп кетишин үй шартында калыбына келтирүү

Кан басымдын жогорулап же түшүп кетишин үй шартында калыбына келтирүү

Кан басымдын көрсөткүчү 140/80ден өйдө болсо, көтөрүлүп кеткен болот.

Белгилери:

Бет кызарып, баш ооруйт, кулагыңыз чуулдап ысып жаткандай сезим болот. Баш айланып, кулап кетчүдөй абалда болосуз.

Туура дем алуу

Көп иштеп же стресстик абалга туш болгондон кийин кан басым жогорулап кетсе, туура дем алуу менен кыска убакытта түшүрө аласыз. Ал үчүн жумшак жерге отуруп же жатып алыңыз да, мурдуңуз менен терең дем алып, демди чыгарбай ичиңизден бешке чейин санаңыз. 5 секунд өткөн соң эриндериңизди алдыга созуп, шашпастан демди 7-10 секундда чыгарыңыз. Өзүнүздү жакшы сезгенге чейин бул ыкманы кайталай бериңиз. Көп учурда 5-10 мүнөттүн ичинде артерия басымы нормага чейин төмөндөйт.

Пластик бөтөлкө

Пластик бөтөлкөнүн капкагын ачып, түбүн кесип салыңыз. Бөтөлкөнүн башын оозуңузга салып мурдуңуз менен терең дем алып, оозуңуз аркылуу демди чыгарыңыз. Аба бөтөлкө аркылуу чыккандай болушу керек. Бул ыкма 15 мүнөт жасалышы шарт. Таза абада сейилдөө кан басымды түшүрөрү аныкталган. Андыктан дем алуу гимнастикасынан кийин сыртка чыгып, майда кадамдар менен он мүнөттөй басыңыз.

Муздак суу

Кан басымды түшүрүүнүн эң жөнөкөй жолу — бутту муздак сууга салуу. Ал үчүн отурган абалыңызда чылапчынга толтурулган муздак сууга салып, басып бара жаткандай кыймылдатыңыз. Эгерде алыңыз болсо туруп, суунун үстүндө секирсеңиз кан басым тезирээк түшөт. Бул ыкманы 1-2 мүнөт жасаган соң эс алып, 3-4 ирет кайталоо керектелет.

Муз

Муздаткычта тоңдурулган музду ичке чүпүрөккө ороп, кежигеге басуу зарыл. Муз эрип жок болуп кеткенден кийин ал жерге майлуу крем сүйкөп, саат жебеси менен айлантып укалоо керектелет. Бул ыкма менен кан басымды тез түшүрүү мүмкүн. Бирок бир күндө бир гана жолу жасоого болот.

Алма уксусу

Алма уксусу адамдын ден соолугу үчүн табигый жана уникалдуу азык болуп саналат. Аны артериалдык кан басымды төмөндөтүү үчүн дагы колдонууга болот. Ал үчүн чүпүрөктү алма уксусуна малып, аны таманыңызга 15-20 мүнөт басыңыз.

Укалоо

Кан басым жогору болуп кеткен учурда үйдө жалгыз болсоңуз, өзүңүздү укалоо менен аны төмөндөтсөңүз болот. Артериалдык кан басымдын нормага түшүшүнө кулактан тартып акырек сөөккө чейин жайгашкан тамырлардын түздөн-түз тиешеси бар. Андыктан эки колуңуз менен эки кулагыңызды ушалап, андан соң кулактан акырек сөөккө чейин өйдө-ылдый кылып сүртүү жолу менен укалап чыгыңыз.

Лимон ширеси

Кан басым тез жогорулап кеткен учурда лимон ширеси жардамга келет. Ал үчүн бир стакан таза сууга лимондун жарымын сыгасыз, бир чай кашык бал кошосуз. Даяр суусундукту ичип алган соң жарым саат эс алып жатыңыз.

Азыктар

Артериалдык кан басымды төмөндөтүү үчүн жүрөк-кан тамырларын кеңейтип, кан айланууну жакшыртуучу азыктарды колдонуу керектелет. Алсак, кызылча, жашылчалар, жаңгак, цитрус өсүмдүктөрү, анар, банан, карагат, көк чай, сарымсак ж.б.

К. Б. ЖОГОРУЛАТУУ

Кан басымдын көрсөткүчү 90/60тан төмөн болсо, түшүп кеткен болот. Белгилери: Адамдын өңү кубарып, алы кетип, башы ооруйт. Көздүн көрүүсү начарлап, тердеп баштайт. Чара көрүлбөгөн учурда эс-учун жоготот.

Чипсы

Кан басымы жогору болгондорго туздуу жегенге тыюу салынат. Ал эми кан басым төмөндөп кеткен учурда, тескерисинче, туздуу нерсе жегенге туура келет. Бул учурда эшикте болуп калсаңыз, жакынкы дүкөндөн туздуу чипсы алып жеп турганыңыз туура. Бирок сиздин кан басым ар дайым төмөн болуп жүрсө, үзгүлтүксүз туздуу нерселерди жегенге болбойт.

Таза суу

Артериалдык кан басымдын төмөндөп кетиши байкалса аз дегенде эки стакан газдалбаган таза суу ичүү сунушталат. Суу кандын көлөмүн жогорулатып, тамырларга болгон басымды нормалдаштырат.

Туура отуруу Ар дайым кан басымы төмөн болгондорго же кокустан төмөндөп кеткен учурда ыңгайлуу отуруп, бир бутту экинчисинин үстүнө коюп кайчылаштыруу сунушталат. Эгерде сиз эшикте болуп калсаңыз, турган абалда буттарды кайчылаштырып катуу кысуу керектелет.

Көнүгүү

Отурган абалда маңдайыңызга башка отургуч коюп, бутуңузду ага чыгарып коюңуз. Колуңузду сунуп бардык салмагыңызды алдыга таштаңыз да, колдоруңуз менен буттарыңыздын манжаларына жетүүгө аракет кылыңыз. Бул ыкманы бир канча ирет кайталап, тез-тезден жасап туруу зарыл.

Машыгуу

Кан басымы тез-тез төмөндөгөндөргө бир жерде көпкө кыймылсыз турганга, узак убакыт отуруп иштегенге болбойт. Андыктан ары-бери басып, көнүгүү жасап, бийлеп, басып туруу керектелет. Өзгөчө отуруп туруу, секирүү сыяктуу бут көнүгүүлөрүн жасоо сунушталат.

Контрасттык душ

Төмөнкү кан басымдын ээлерине ысык сууга жуунуп, душта көпкө кармалганга болбойт. Алар үчүн контрасттык душ алуу пайдалуураак келет. Ал үчүн бирде жылуу, бирде муздак сууга жуунуп, чайканууну муздак суу менен бүтүрүү керек. Температура төмөндөгөндө кан тамырлар активдүү иштеп, кан айлануу жакшырат.

Азыктар

Майлуу, ачуу жана туздуу тамактар кан басымдын жогорулашына алып келет. Алардын катарына консерва азыктары, балык, сырдын айрым түрлөрү, туздалган жашылча-жемиштер дагы кирет. Бул азыктар кан басымды жогорулатканы менен башка ооруларга тез алып келет. Андыктан көп өлчөмдө колдонуу кооптуу экенин эсиңизге салабыз. Мындан тышкары кофе, кара шоколад, кара чай, кургатылган жемиштер, анар жана апельсин ширеси артериалдык кан басымды жогорулатууга жардам берет.

Булак: Lady.kg

Назар Новости