Иммунитетти бекемдөөнүн 8 жолу

Иммунитетти бекемдөөнүн 8 жолу

Иммунитет – бул организмдин күрөшүүгө болгон жөндөмдүүлүгү. Иммундук система – ар кандай инфекцияларды, вирустарды зыянсыздандырып, анан жок кылат. Бат-баттан сасык тумоого кабылуу, өнөкөт чарчоо, муундардагы жана булчуңдардагы ооруксунуу, бат-баттан кармаган баш оору – булардын баары сиздин иммунитетиңиздин төмөн экенинен кабар берет.

Буга жол бербөө үчүн эмне кылуу керек?

Адамдын иммундук системасы 50 % тубаса, тактап айтканда, энесинин ичинде жатканда калыптанганынан көз каранды болсо, 50% анын жашоо образынан көз каранды болот.

Иммунитетти кармап турган үч негизги нерсе: толук кандуу уйку, физикалык кыймылдуулук жана туура тамактануу.

Белок жана лавр жалбырагы

Сиздин менюңузда жаныбарлардан жана өсүмдүктөрдөн алынган белок болууга тийиш. Жаныбар белоктору этте, балыкта, жумурткада, сүттө, ал эми өсүмдүк белоктору – буурчакта, төө буурчакта, гречкада, сулуда бар. Иммундук системанын ишине уйдун боору да жакшы таасир этет. Ошондой эле имбирь, кориандр, лавр жалбырагы, хрен да сиздин иммунитетиңизди бекемдөөгө жардам берет.

Витаминдер

Иммунитетти бекемдөөдө витаминдер жана микроэлементтер зарыл болуп эсептелинет. Аларды дарыканалардан сатып албай, табигый жол менен алган жакшы. Мисалы, А витаминин сабизден, жүзүмдөн, көк чөптөрдөн алсак болот. Ал эми С витамини цитрус жемиштеринде, ит мурунда, клюквада, капустада көп. Е витаминин болсо күн карама, зайтун, жүгөрү майларынан ала алабыз. В тобунун витаминдеринин булагы болуп буурчак, дан өсүмдүктөрү, жумуртка, көк чөптөр жана жаңгактар эсептелинет. Микроэлементтерден болсо иммундук система үчүн организмге цинк менен селен керек. Цинк балыкта, этте, боордо, жаңгактарда, төө буурчакта жана буурчакта болсо, селенди кайра эле балыктан, деңиз жандыктарынан жана сарымсактан ала алабыз.

Кызыл шарап

Тамеки менен спирт ичимдиктери иммунитетти жөн гана түшүрбөй, өлтүрөт. Андыктан тамеки тартууну таштоо керек же анын түтүнүнөн алыс болуу керек. Бирок спирт ичимдиктерине келгенде бир аз башкача. Кызыл кургак шарап иммунитет үчүн пайдалуу, күнүмдүк максималдуу дозасы – 50-100 грамм.

Сабырдуулук жана сабырдуулук

Стресс – иммунитеттин эң негизги душмандарынын бири. Эң кооптуусу – адам өзүнүн эмоциясын башкара албай көзөмөлдөн чыгып кеткендеги стресс. Мындай абалга жетпөөнүн бир эле жолу бар: сабырдуулук.

Күлкү

Күлкү кан басымды төмөндөтөт, стресстен арылтат жана иммундук системаны бекемдейт. Мындан тышкары ал тамакка болгон табитти жакшыртат, холестериндин деңгээлин азайтат, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат.

Мышык багыңыз

Мышык өзүнүн кожоюнунун нерв системасына жакшы таасир этет, аны жүрөк ооруларынан сактайт, стресстен арылтып, иммунитетин жогорулатат деп айтылат. Мунун чындыгы бар. Мышыктын денесинин температурасы дайыма 38-39 болуп турат. Сасык тумоо менен ооруп чыйрыгып турган адамдын оорусун жанында жаткан мышык тартып алат.

Иммунитетти көтөрүүнүн элдик ыкмалары

1. 300 грамм тазаланган жаңгакты, 300 грамм кургатылган өрүктү, 300 грамм мейизди жана 3 даана лимонду кабыгы менен кошо эт майдалагычтан өткөрүп, ага 1 чоң кашык бал кошосуз. Бул аралашманы күнүнө чоңдор 1 чоң кашыктан, балдар 1 кичине кашыктан жеп турса болот. Аралашма муздаткычта сакталууга тийиш. 2. 2-3 баш пиязды майда туурап, 200 грамм шекер менен аралаштырасыз. Үстүнө 0,5 литр сууну куюп, жай отто 1 саат кайнатасыз. Муздаган соң 2 чоң кашык бал кошуп аралаштырасыз. Тундуруп банкага куюп коёсуз да, күнүнө бир чоң кашыктан 3-5 жолу ичесиз. 3. Чалкандын бир нече даана жалбырагынын үстүнө 0,5 литр кайнак суу куюп, 2 саат тыныктырып коёсуз. Тундуруп алып 50 граммдан күнүнө 3 маалдан ичесиз. 4. Имбирди кыргычтан өткөрүп, ага бал, лимон ширесин, майда тууралган кургатылган өрүктү кошуп аралаштырасыз. Бул аралашманы бир күндө бир нече кашыктан жеп турасыз.

Булак: Lady.kg

Назар Новости