Япониядагы саякат кемесиндеги кыргызстандык жарандан коронавирус аныкталды

Япониядагы саякат кемесиндеги кыргызстандык жарандан коронавирус аныкталды

Япониядагы саякат кемесиндеги кыргызстандык жарандан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Нурлан Абдрахманов Бишкектеги маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык жарандан оорунун жеңил түрү тастыкталды, ал ооруканалардын биринде дарыланып жатат.

«Жалпылап айтканда анын абалы жакшы. Дене табы жогорулап, дем алууда кыйналып, жөтөлгөн жок. Япониялык медицина кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп жатат», — деди ал.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин билдирген маалыматы боюнча, учурда коронавирустун 3 формасы бар экени аныкталган. Бул дартты жуктургандардын 80 пайызы жеңил түрү менен, 13-14 пайыздайы оор түрү менен, 4-7,7 пайызы өтө оор түрү менен катталган.

Эске сала кетсек, 3,7 миң жүргүнчүсү менен саякатка чыккан Diamond Princess кемеси, 5-февралдан 21-февралына чейин карантинге алынган. Себеби, кемеде эс алып жүргөн бир кишиден коронавирус чыгып, вирус башка адамдарга дагы жугушу мүмкүн деген негизде 2 жумага карантинге алынган.

Жыйынтыгында, тумоо 600 адамга жуккан.

Аталган лайнерде бир кыргызстандык жаран жана 4 казак жараны бар экени белгилүү болгон. Аларга тумоо жукпагандыгы жана ден соолуктары жакшы экени маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости