Энелик клетканын донору – учурдун талабы

Энелик клетканын донору – учурдун талабы

Бүгүнкү күндө биздеги тукумсуздук 38 пайызга жетти. Алты миллион калк үчүн бул чоң көрсөткүч. Балалуу болом деп ары-бери урунган үй-бүлөлөр миңдеп саналат. Талапка жараша медицинанын өсүшү менен жасалма бойго бүтүрүүчү ыкмалар көп. Алардын бири – энелик клетканын донору. Ушул тапта бул кызматты сунуштагандар, аны пайдалангандар да арбын.

Энелик клетка жыл өткөн сайын азаят

Кыз киши эненин жатынында жатканда эле өзүнө тийиштүү жумуртка клеткаларын алат. Анда миллиондогон жумуртка клеткалары болот. Энелик жумурткаларда миңдеген фолликулалар болот. Ошолордун бирөөсү ар ай сайын максималдуу өлчөмгө чейин өсүп, анан жарылат. Жарылганда ичинен энелик клетка чыгат. Эгер уруктануу процесси (эркектин уругу ургаачынын уругу менен биригиши) жүрсө, бул клетка түйүлдүккө айланат. Айыз келгенде, ар кандай инфекциялык оорулардан, стресс, депрессия, өнөкөт оорулар жана башка себептерден улам жумуртка клеткалары жыл сайын азайгандан азайып отурат. Ал эми саламаттыгы начар аялдын жумуртка клеткалары ага чейин эле жоголуп, эне болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Ушул учурда ага ден соолугу чың башка аял энелик клеткасын берип донор болушу мүмкүн.
Донорго коюлган талаптар:
1. Буга чейин дени сак төрөлгөн 1 же 2 баласы болушу керек;
2. 20-35тин тегерегинде болушу керек;
3. Тукум кууй турган оорулары жок болуусу шарт;
4. Дене түзүлүшү өтө толук же арык болбошу керек;
5. Хирургиялык жол менен айыккан олуттуу оорулары жок болушу зарыл;
6. Инфекциялык оорулардан таза болуусу жана эмчек безинде көйгөй болбошу шарт.
Донор болууну каалаган айым алгач маектешүүдөн өтөт. Андан кийин гана дарыгер анын саламаттыгы жакшы экенин тастыктоо үчүн медициналык кароодон өткөрөт.
Анализдердин баары жакшы чыккандан кийин донордун анкетасы толтурулуп, сүрөтү менен кошо тизмеге киргизилет. Болочоктогу ата-эне анкетадан өздөрүнө жаккан донорду тандап алат. Адатта донордун билимине, сырткы келбетине кылдат маани берилет. Тандалып алынган донор менен анын клеткасын ала турган аялдын ортосунда келишим түзүлөт. Эреже боюнча донор менен болочоктогу эне бет келишип сүйлөшпөйт. Клиниканын кызматкерлери аркылуу эки тараптан келишим түзүлөт. Келишимде төмөнкү эрежелер камтылган:
1. Донор анын жумурткасын пайдаланган үй-бүлө тууралуу өз алдынча маалымат билүүгө укугу жок. Өзүнүн жумуртка клеткалары пайдаланылганын иликтегенге да болбойт.
2. Донор процедурага чейин жана процедура учурунда зыяндуу адаттардан карманып, туура тамактанууга милдеттендирилет. Эгер ооруп калса кандай дары-дармек ичкенин дарыгерге кабарлап туруусу керек.
3. Эгер процедура учурунда донор-аял эрежени сактабай ичимдик колдонсо, ооруп калып өз алдынча дарыланып аны доктурдан жашырса, материалдык жактан жоопкерчиликке тартылат.
4. Ал эми эң биринчи эрежени бузса, келишимдин шартын сактабаганы үчүн укуктук баа берилиши мүмкүн.
Ортодогу бардык маселе такталгандан кийин донорду алгач даярдашат:
1. Дарыгер-репродуктолог донордун саламаттыгына жараша кошумча жумурткаларды өстүрө турган гормоналдык дарыларды саят. 10-12 күн аралыгында ал дары энелик жумурткаларды көбөйтөт жана “дени сак” клеткаларды алуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт.
2. Ага ооруну сездирбөө үчүн 5-10 мүнөттүк анестезия берилет. Атайын ичке ийне менен энелик клеткаларды сордуруп алышат.
3. Аны атайын пробиркага куюп эмбриологго өткөрүп беришет.
4. Эмбриолог лабораториядан донордун уругу менен эркектин уругун кошуп пробиркада “багат”. Андан 2-5 күндүн ичинде эмбрион пайда болот.
5. Даяр эмбрионду болочоктогу эненин жатынына киргизишет.
“Анкалайф” клиникасынын гинеколог-репродуктологу Айнура Касымалиева: “Донор бир нече жолу клеткасын тапшыра алат”
Айнура Бекеновна, бул кызматты колдонгондор бизде көппү?
Үй-бүлөнү сактап калуу үчүн, эне болуу бактысын сезүү үчүн айрымдардын бул кызматты пайдаланып келатканына 5 жылдай болуп калды. Донор болом дегендердин көбү сабаттуу, ден соолугу чың айымдар. Акчасына кызыгып келди дейин десең, бул кызмат үчүн миллион сом деле төлөнбөйт. “Мен энемин, бул бакытты башка аялдар да сезиши керек, ошондуктан төрөй албай жүргөн аялдарга жардам бергим келет”,- деп көп кайрылышат. Мындайча айтканда, аялдык тилектештик кылып жардам беришет. Ошол эле учурда донордун кызматын пайдалангандар да арбын. Алардын айрымдары донорлукка өздөрүнүн туугандарын, эже-сиңдисин алып келсе, кээ бири биздеги донорлордун кызматын пайдаланышат.
Бир эле процедурадан кийин жыйынтык болобу?
Эмбрионду жатын кабыл алганына жараша болот. Көп учурда бир эле жолу кылганда боюнда болот. Көп эле үй-бүлөлөр ушул ЭКУ жолу менен балалуу болуп кубанып кетишти.
Донордун ден соолугуна мындай процедура зыян эмеспи?
Негизи, баары орду менен жасалса зыян эмес. Процедурадан кийин бир нече убакытка чейин оор көтөрбөй, зыяндуу адаттардан алыс болуп саламаттыкты чыңдаш керек. Ден соолугу жайында болсо, бир нече жолу донор болсо болот. Өз алдынча да төрөп балалуу боло алат.

Анара Дүйшөналиева

Булак: «Леди.kg»

Назар Новости