Коронавирустун белгилерин аныктоонун эң оңой жолу табылды

Коронавирустун белгилерин аныктоонун эң оңой жолу табылды

Таанышым Кытайдагы Шеньчендеги магистратураны бүтүп, ошол жакта ооруканада Ухандагы пневмония вирусун изилдөөгө өтүп, иштеп жатат. Ал мага телефон чалып, башкаларга дагы айтып кой: “Эгерде сизде мурун агышы жана какырык болсо, коронавирус менен оорубайсыз. Анткени коронавирус пневмониясы бул-мурун акпай, жөтөл менен коштолот. Мындай ыкма коронавирусту аныктоонун эң оңой жолу.

Ухань вирусу ысыкка чыдамсыз келип, 26-27 градус температурада тарабайт. Жылуу сууну көбүрөөк ичиңиз, күнгө көбүрөөк чыгыңыз. Акыркы убактарда суук болгондугуна байланыштуу жылуу суу ичкенге ыңгайлуу болуп жатат. Бул дары эмес, бирок денеге пайдалуу.

Коронавирусту аныктоо боюнча доктурдан кеңеш:

1. Коронавирустун диаметри чоң (уячанын диаметри 400-500нм), ошондуктан кандай беткап болсо да (N95 функция) аны фильтрлөө жөндөмдүүлүгүнө ээ болушу зарыл. Бирок бейтап жаныңызда чүчкүрсө 3 метрге жетип, жерге түшкөндөн кийин кайра ал абага жайылбайт.

2. Вирус металлдын үстүнө түшсө, 12 саатка жетпей жок болот. Ошондуктан эсиңерде болсун металлды кармалагандан кийин колду самындап жууш керек.

3. Вирус кездемеде 6-12 саат өмүр сүрүп, жөнөкөй кир жуучу каражат аны өлтүрө алат. Тез-тез жуулбаган кышкы кийимдерди күнгө жайып коюш зарыл. Анткени күн вирусту өлтүрөт.

4. Вирус колуңузга түшкөн болсо, 5-10 мүнөт жашайт. Бирок ошол аралыкта көп нерсе болушу (көзүңүздү, мурдуңузду сүртүп жиберишиңиз) мүмкүн. Андыктан колду самындап жууган ар дайым ашыкчалык кылбайт.

5. Алгач тамакты жабыркатып, ангина тамакты кургаткандай сезим калтырып, бул 3-4 күнгө чейин созулат.

Андан кийин мурун суюктугу менен аралашып, кокону казып баштайт жана өпкөгө келип түшүп, аны сезгентет. Бул процесс 5-6 күнгө чейин уланат.

6. Вирустун пневмониясында дене табы көтөрүлүп, дем алуу оорлошот. Мурун бүткөнү кадимкиге окшошпой, сууда дем алгандай татаалдашат. Эгерде сизде ушул белгилер болсо, тезинен дарыгерлерге кайрылыңыз.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости