Ден соолугуңузга кантип кам көрүп жатасыз?

Ден соолугуңузга кантип кам көрүп жатасыз?

Кыш – бардык адамдардын организми сасык тумоо оорусуна чалдыгууга жакын мезгил. Анткени бул учурда витаминдердин жетишсиздиги роль ойноп, иммунитеттин деңгээли кескин түшүп кетет. Суук аба ырайында вирустардын “кол салуусунан” коргонуу үчүн төмөнкү эрежелерди сактай жүрүңүз.

Белок менен майдан баш тартпаңыз

Иммунитет түздөн-түз жеген тамагыңыздан көз каранды. Кыш мезгилинде организмдин күчтүү болуусу үчүн ага жетиштүү өлчөмдө белок менен май керек. Андыктан курамында алар камтылган азыктарды көбүрөөк пайдаланыңыз. Белоктун бир суткалык нормасы 100 граммдан кем болбоосу керек, ал эми майдын керектүү өлчөмү 10 грамм каймакмайда же 20 грамм өсүмдүк майында камтылган.

Витаминдер жөнүндө унутпаңыз

Кыш мезгилинде организм үчүн зарыл болгон бардык витаминдерди кабыл алуу маанилүү. Аларды табигый азыктардан алган жакшы. Цитрус жемиштеринен көбүрөөк жеңиз, аларда сасык тумоонун алдын алуучу С витамини көп. Ал эми Д витамининин негизги булагы болуп сүт, балыктын майы эсептелинет. Андыктан бул азыктар да сизди сасык тумоодон коргойт.

Пияз менен сарымсакты сыйлаңыз

Булар табигый күчтүү антибиотиктер болуп эсептелинет. Кыш мезгилинде күнүнө бир тишчеден сарымсак жеп туруу сунушталат. Эгерде кескин жытынан тартынсаңыз, бөлүктөргө бөлүп алып таблетка сыяктуу суу менен ичсеңиз да болот.

Таттууну азыраак жеңиз

Таттууну көп жегенде глюкозанын деңгээли көтөрүлүп кетет. Бул болсо иммунитеттин түшүүсүнө алып келет. Анан, албетте, адам сасык тумоого сезимтал болуп калат.

Бөлмөнү желдетип туруңуз

Убактыңыздын көбүн өткөргөн бөлмөңүздү желдетип туруңуз. Сыртта аяз чыкырап турса дагы, терезени күн сайын 15-20 мүнөттөн ачып турууну унутпаңыз. Бактериялар нымдуулук менен жылуулукту сүйүшөт, а сууктан коркушат. Андыктан алардын көбөйүп кетпөөсүнө таза аба жардам берет.

Үйүңүздү таза кармаңыз

Үйдөгү чаңда вирустар бир нече күн жашай алышат. Үйдү суу чүпүрөк менен жууп-тазалоо алардын санын кыскартат. Андыктан жок дегенде күн алыс үйүңүздү тазалап туруңуз. Үй эле эмес, жумуштагы иш үстөлүңүздү да эртең менен барганда жана кечинде кетип баратканда нымдуу чүпүрөк менен аарчып туруңуз.

Гаджеттерди тазалаңыз

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, телефон – эң кир буюмдардын бири. Анын сыртында чаң, миллиондогон бактериялар, анан албетте, вирустар болот. Андыктан мобилдик гаджеттерди атайын салфетка менен тез-тез сүртүп туруңуз. Ал эми сасык тумоо үчүн өзгөчө кооптуу болгон кыш мезгилинде күн сайын сүртүп туруу ашыкчалык кылбайт.

Уйкуңузду кандырыңыз

Суткасына 7 сааттан кем эмес уктаган адамдарда сасык тумоого кабылуу коркунучу үч эсе аз болот. Анткени толук кандуу уйку иммунитетиңиздин көтөрүлүшүнө шарт түзүп, сиздин ден соолугуңузду чыңдайт. Өзгөчө жумуш оор болгондон кийин уйкуңузду кандыра уктаңыз. Бирок бузулган уйкуңузду эч качан дары-дармектин жардамы менен калыбына келтирем деп ойлобоңуз. Алар иммунитеттин душмандары.

Мурунуңузду жылуулаңыз

Вирустар дем алуу органдары аркылуу берилери баарыбызга белгилүү. Адистердин айтымында, сасык тумоо менен оорубаш үчүн бутту эле жылуулабай, мурунду да жылуу кармоо керек. Анткени ал инфекция үчүн кадимки эле “дарбаза”. Мурун үшүп калганда кан айлануу жайлайт да, кандагы иммундук клеткалар микробдор менен жакшы күрөшө албай калат. Андыктан катуу суук же шамал болгондо ооз-мурунду шарф менен жаап жүргөн туура. Ошондой эле деңиз тузу кошулган спрейлерди колдонуу сунушталат.

Температуранын кескин өзгөрүүсүнөн качыңыз

Күн сууктаганда үйдөгү жылыткычтарды мүмкүн болушунча жогорку температурага койгонго шашабыз. Бирок бул туура эмес. Түнү жакшы уктап, өзүңүздү сергек сезишиңиз үчүн бөлмөңүз салкын болууга тийиш, тактап айтканда, +22 — +24. Эгерде сырттан үшүп келсеңиз, дароо ысык сууга түшүүгө шашпаңыз. Бул сиздин ден соолугуңуз үчүн абдан зыяндуу.

Булак: «Леди.kg»

Назар Новости