Дарыгерлерге мобилдүү телефон колдонууга тыюу салынды

Дарыгерлерге мобилдүү телефон колдонууга тыюу салынды

Ашхабадда дарыгерлер жумуш учурунда телефондорун башкы дарыгерге өткөрүп берүүгө же үйлөрүнө таштап келүүгө милдеттендирилди. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, буга чейин Түркмөнстанда окуу жайларда да мобилдүү телефон колдонууга тыюу салынган.

Мобилдүү телефон колдонууга чектөө киргизилгени тууралуу ата-энелер жыйналышында айтылган. Анда телефон балдарга тарбия берүүдө терс таасирин тийгизип жатканы белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости