Бүгүн Бишкекте коронавирусту алдын алуу боюнча маалыматтык сессия өтөт

Бүгүн Бишкекте коронавирусту алдын алуу боюнча маалыматтык сессия өтөт

Бүгүн, 4-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү, Ден соолукту чыңдоо улуттук борборунун кызматкерлери жана Кыргызстандагы Кызыл Ай коомунун ыктыярчылары «ASIA Mall» соода борборунда курч респиратордук оорулардын, анын ичинде коронавирустун алдын алуу боюнча маалыматтык сессия өткөрөт.

Маалыматтык-сессияда коронавирус боюнча төмөнкүдөй маалыматтарды ала аласыздар:

Жалпы терминдер жана түшүнүктөр;

Коронавирустан кантип коргонууну керек;

Беткап тагынуу коронавирустун коргоонун натыйжалуу ыкмасыбы?;

Гигиенанын эрежелери жана жалпы жоболор.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости