Ашыкча салмактан арылуу, жүрөк кан тамырларын калыбына келтирет

Ашыкча салмактан арылуу, жүрөк кан тамырларын калыбына келтирет

Жүрөккө жогорку деңгээлдеги физикалык күч келтирген негизги себептердин бири начар тамактануу жана ашыкча салмак кошуу. Булар кан басымын жогорулатууга таасирин тийгизет. Кан басым көтөрүлүп кеткен учурда кантип калыбына келтирүү керектигин Мюнхен Техникалык университетинин алдын алуучу жана спорттук медицина борборунун директору, кардиолог Мартин Холле айтып берди. Бул тууралуу «Известия» Focus.de. басылмасына шилтеме берип жазып чыкты.

«Жүрөк дайыма жогорку басымы менен күрөшүүгө аргасыз болот, ошондуктан, ал тез эле чарчап калат», – деп билдирди дарыгер.

Мартин Холле белгилегендей, күн сайын 15-мүнөт таза абада сейилдөө жүрөк кан тамырларынын иштөөсүн жакшыртып, кан басымды калыбына келтирет. Мындан тышкары, күнүмдүк тамактануу окшош болбошу керек. Кан басымы жогору адам колбаса нандын ордун жашылча-жемиштер менен алмаштыруусу зарыл.

Ошондой эле, ашыкча салмактан арылуу, ар бир ташталган килограмм жүрөк кан тамырларынын жүгүн азайтат.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости