Кыргызстанда жылына 5700дөй адамга рак диагнозу коюлат. Статистика боюнча учурда 27 миң бейтап каттоодо турат. Бул тууралуу Эрнис Тилеков маалымдап чыкты. Анын айтымында, 4-февралдын “бүткүл дүйнөлүк ракка каршы күрөшүү күнү” деп белгиленишинин максаты – аталган илдетке коомчулуктун көңүлүн бурдуруу. Өкүнүчтүүсү, кайрылгандардын 55-60 пайызы илдет 3-4-баскычына жетип калганда келишет.
Булак: «АЗИЯnews»