Айыз учурундагы ич ооруну кантип жеңилдетсе болот?

Айыз учурундагы ич ооруну кантип жеңилдетсе болот?

Көптөгөн айымдар айыз учурундагы ооруну кадимки көрүнүш деп эсептеп, бул ооруга ай сайын чыдап жүрө беришет. Өспүрүм кезде ооруганы түшүнүктүү, ал кезде жыныс гормондору жолго коюла элек болгондуктан оору менен коштолот. Бирок ал бара-бара калып кетиш керек. Эгерде калбаса, ал сиздеги кандайдыр бир оорудан кабар берет.

Айыз учурунда эмне үчүн ич ооруйт?

Айыз учурунда жатындын дубалчаларындагы былжыр чел сыйрылып түшүп, кан менен кошо сыртка чыгат. Бул учурда жатын жыйрылат. Ал болсо толгоонун оорусуна окшогон оору менен коштолот. Мындай оору бир күнгө созулат. Бул кадимки көрүнүш болуп эсептелинет.

Кандай учурда доктурга кайрылуу керек?

— Ушунчалык катуу ооругандыктан күн бою ордуңуздан тура албай жатып калсаңыз
— Оору эки күндөн ашык убакытка созулуп кетсе
— Мурун баары жакшы болуп, оору сизди жакындан баштап тынчсыздандыра баштаса
— Кан мурункудан көп келип же узак убакытка созулуп кетсе
— Ооруну сездирбөөчү дарылар жардам бербей жатса

Оорунун алдын алуу

— Спорт менен машыгыңыз. Такай спорт менен машыгып, кыймылдуу жашоо образын алып жүргөн айымдар айыз убагында ооруну көп сезишпейт.
— Таза абада көбүрөөк болуңуз жана уйкуңузду кандырыңыз.
— Кальцийге бай (быштак, сыр) жана магнийге бай (гречка, петрушка, шпинат, кара шоколад) азыктарды көбүрөөк жеңиз.
— Ачуу, куурулган азыктарды азыраак жеп, кофе, коюу демделген кара чайдан азыраак ичиңиз.
— Зыяндуу адаттардан баш тартыңыз.
— Эч кандай оору тынчсыздандырбаса деле бир жылда бир жолу гинекологго текшерилип туруңуз.

Оору учурунда эмне кылуу керек?

— Айыз учурунда ичке жылуу нерсе коюу булчуңдарды бошотуп, ооруну азайтат. Мындай учурда эгерде үйдө болсоңуз грелка же жөн гана жылуу жуурканга оронуп жатуу жардам берет. Жылуу сууга түшүү да жакшы.
— Жагымсыз оорудан убактылуу болсо да укалоо алаксытат. Ичиңиздин оорутуп жаткан жерине саат жебеси боюнча укалоо жасаңыз. Лаванда майын же күнжүт майын пайдалануу ооруну басаңдатат.
— Тизелериңизди бүгүп кыйгачыңыздан жаткан абал да ооруну бир аз болсо да азайтат.
— Ар кандай физикалык көнүгүүлөрдү жасоо ал учурдагы абалыңыз үчүн татаалдай сезилиши мүмкүн. Бирок мындай аракетиңиз жамбаш сөөктүн айланасындагы кан айланууну жакшыртып, ооруну азайтат.

Айыз учурундагы ооруну азайтуучу азыктар

Корица. Корицада кальций, марганец, темир бар. Анын сезгенүүгө жана тырышып ооруга каршы касиети бар. Ошондой эле тамак сиңирүүнү жана кандагы канттын деңгээлин калыбына келтирет.
Алма уксусу. Алма уксусу ичтин көбүүсүн, тырышып ооруну, баш ооруну, кыжырданууну, чарчоону жөнгө салат.

Зыгырдын уругу. Мындагы омега-3 майлуу кислотасы депрессияны, тынчсызданууну, ичтин көбүүсүн, баш ооруну азайтат.

Имбирь-бал чайы. Бул чай булчуңдардын тырышуусун жазып, чыңалууну азайтат. Ошондой эле көңүл айнууну жок кылып ичтин көбүүсүн да токтотот.

Шпинат. Шпинат — магнийдин булагы. Магний болсо булчуңдардагы чыңалууну жазууга жардам берет. Андан тышкары анда чарчоонун жана депрессиянын алдын алуучу В жана Е витаминдери бар.

Апельсин. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, апельсинди көп жеген аялдын айыз учурундагы оорусу жеңилирээк өтөт экен.

Булак: «Леди.kg»

Назар Новости