Адам эмнеден тез карыйт?

Адам эмнеден тез карыйт?

Жалгыздык ден соолукка зыянын тийгизет. Кээде адам жалгыздыкты каалайт. Бирок ар дайым эле жалгыз жүрө берүү адамды чөктүрүп, стресске дуушар кылат. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Маалыматка таянсак, Калифорния университетинин (АКШ) окумуштуулары изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн негизинде ушундай натыйжага келишкен.

Илимпоздор бала-чакасы менен жашаган жана карылар үйүндөгү улгайган адамдар арасында сурамжылоо жүргүзгөн.

Жыйынтыгында көп жылдар бою жалгыз жашап, кийин карылар үйүнө түшкөндөр арасында ден соолугу жабыркагандар көп экени аныкталган.

«Жалгыздык негизинен психологиялык көйгөйлөрдү алып келери белгилүү, бирок иликтөө учурунда анын ден соолукка дагы толгон-токой зыяны бар экени аныкталды. Эң жөнөкөйү — стресс. Мындай стресстен улам ашыкча салмак пайда болуп, организмде кант көбөйөт. Ошондой эле жалгыздыктын азабын тарткан адамдардын кан басымы туруксуз болору билинди», — деп айтылат макалада.

Буга кошумча, окумуштуулар жалгыздыкта өмүр сүргөн адамдар улгайганда акыл-эстен эртерээк таярын аныкташкан.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости