9 жашар баланын өпкөсүнөн мистенин кабыгы операциясыз алынды

9 жашар баланын өпкөсүнөн мистенин кабыгы операциясыз алынды

Ош шаарында 9 жашар баланын өпкөсүнөн мистенин кабыгы операциясыз алынды. Бул тууралуу Оштогу облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасынын анестезиология жана операция бөлүмүнүн башчысы Абдразак Калилов билдирди.

Анын билдиргенине таянсак, окуя кечээ, 2-февралда болгон. «Ал кечээ мистени кабыгы менен жеп алган. Мистенин кабыгы баланын оң жак өпкөсүнө туруп калган. Балага наркоз берилип, бронхоскопия медициналык жабдыгынын жардамында операциясыз алынган. Баланын дем алуусу жакшы, наркозу тараса жалпы бөлмөгө которобуз. Бир жума дарыгерлердин көзөмөлүндө болот. Жакшы болуп калса үйүнө чыгарууга уруксат берилет. Жардамчым Семетей Кочкорбай уулу менен биргеликте ыкчам иш-чараны кабыл алып, баладан мистени алып чыктык», — деп билдирди Абдразак Калилов.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын, 2-январь күнү Чоң Алай районуна караштуу Карамык айылынын жашоочусу сегиз айлык уулун ооруканага алып келген. Бөбөк чөнтөктөн түшүп калган тыйынды жутуп алып, ал кызыл өңгөчүнө тыгылып калган. Аны Арстанбек Карыбеков баш болгон дарыгерлер операциясыз үч сомдукту алып чыгышкан.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости