Түнү менен телефон тиктегендерге

Түнү менен телефон тиктегендерге

Британдык дарыгерлер смартфонду караңгыда колдонуу убактылуу көздүн көрүүсүн начарлатарын айтышты. 22 жана 40 жаштагы эки келинчек көз жанарынын кээде 15 мүнөттөй көрбөй калып жаткандарын айтып кайрылышкан. Оорунун белгиси тууралуу “New England Journal of Medicine” журналына жарыяланды.

Мындай жагдайда бир көз жарыкка, экинчиси караңгыга көнүп калат. Смартфонду өчүргөн кезде жарыкка көнүп калган көз бир аз караңгыны кабыл ала албай калат. Убактылуу көрбөй калуунун башкы себеби ушул.

Көздүн ар түрдүү адаптациясынан болгон ыңгайсыздыктан сактануу үчүн, дарыгерлер караңгыда смартфонно эки көз менен бирдей кароого кеңеш беришет.

Назар Новости