Жаңы депутаттарды колдойсузбу? Тизме

Жаңы депутаттарды колдойсузбу? Тизме

Кадырлуу Президентибиз Сооронбай мырза! Жогорку Кеӊештин депутаттары! Өкмөт башчылары! Кыргызстан атуулдары! Бир оорчундуу маселе боюнча кайрылууга аргасыз болуп жатам.

Себеби, илгери атуулдарыбыз, депутаттыка аттангандар элге акча берип добушту сатып алып жатышат деп президент сөөрөйгө кайрылышканда, үчүнчү класс мектеп окуучусунун кыялындагы «гениалду президент» Аскар Акаев деген: “бергенин ала бергиле, чөнтөгүӊөргө сала бергиле” деп жооп узатпадыбы, ошондон баштап коррупцияга жол ачылып Кыргызстанда паракорчулук эбегейсиз бийиктикте гүлдөп, ошол бузуку башкаруунун кесепетинен «Аскарчик» өзү баш болуп сан жеткис Кыргызстандын атуулдары мекенден качып дүйнөнүн көрүнгөн жерлеринде бекинип жүрүшсө, канчалагандары түрмөлөрдө күн өткөрүп, көптөрү сот, прокурорлордо тергөөдө жүрүшпөйбү. Мына сага жамандын кесепети деген.

Сөздү көбөйтпөй акыркы – Жогорку Кеӊешти ала турган болсок, партияга ким акчаны көп таштаса ошол биринчи болуп депутаттыка илинди, аз таштагандар депутаттыкты эӊсеп жүрүп илинбей да калышты. Тообо десе, ушундай кантип болсун, жандырмасын айтпасам да бул жол баардыгыӊыздарга түшүнүктүү да. Болоор иш болду бойоолор аябай канды. Андай кылдык, мындай кылдык, бул жол менен багыбыз ачылбады.

Чыны менен мекенибизди жандандыра турган болсок, партия-сартия, процент-муроцент, барьер-сарьерлерди токтотуп, округдардан эл ишенген инсандарды ошол аймактардан тандап кандидаттыка көрсөтүшсө.

Паракорчулукту колдонуп штабтарда эреже бузгандарды катуу жазалоону эскертүү менен көзөмөлдү күчөтүп, эл өкүлдөрүн шайлабайлыбы. Же болбосо, элде жок бир жаӊы жолду колдонуп экономика жагынан да, калыстык жагынан да чыныгы мекенибизге кызмат кылып мамлекетибизге таза киреше, жаштарыбызды мекен үчүн тарбиялоо максатта чыгармачылык жол менен кызмат кыла турган аттын кашкасындай таанымал, белгилүү, Кыргызстан менин жүрөгүм деген саясатчы инсандарыбыз: –

1. Абдырахманов Гыламидин мырза, жазуучу.

2. Анаркулов Нургазы, журналист.

3.Акаев Жанар мырза, депутат.

4.Акималиев Жамин мырза, академик.

5.Арстанбек Мыктыбек ажы.

6. Бакир уулу Түрсүнбай мырза, мурдагы депутат.

7. Бакыт уулу Азат мырза, коомдук ишмер.

8. Бегим Назира айым, коомдук ишмер.

9.Бекешов Бейшенбек мырза, журналист.

10.Бобков Юрий мырза, кыргыз маданыятына эмгек сиӊирген ишмер.

11.Жакупова Чолпон айым, мурдагы депутат.

12.Жалилов Чубак ажы, аалым.

13.Жапаров Садыр мырза, мурдагы депутат.

14.Жолдошова Жылдызкан айым, мурдагы депутат.

15.Жумабеков Сабыр мырза, хирург профессор.

16.Жураев Бөрүбай мырза, мурдагы депутат.

17.Жээнбеков Асылбек мырза, депутат, мурдагы спикер.

18.Исаков Исмаил мырза, мурдагы депутат.

19.Идинов Кубанычбек мырза, коомдук ишмер.

20.Ишенова Дариха айым, коомдук ишмер.

21.Кадыров Кубанычбек мырза, коомдук ишмер.

22.Кадырбеков Абдыразак мырза, мурдагы депутат.

23.Карасартова Рита айым, коомдук ишмер.

24.Касымалиева Аида айым, депутат.

25.Касымалиева Айзада айым, телеалыпбаруучу.

26.Казаков Түгөлбай мырза, коомдук ишмер, маданият профессору.

27.Качкынбаев Сейтек мырза, коомдук ишмер.

28.Кожомкулов Орозали мырза, коомдук ишмер – ойчул.

29.Кошалиев Кадыр мырза, коомдук ишмер.

30.Кыязов Эрнис мырза, коомдук ишмер.

31.Мадумаров Адахан мырза, коомдук ишмер,мурдагы депутат.

32.Маликов Кадыр ажы, аалым.

33.Мамазаирова Меӊди айым, акын – жазуучу.

34.Мамытова Назгүл айым, журналист.

35.Молдокасымов Кыяз мырза, тарыхчы, коомдук ишмер.

36.Момбеков Рыскелди мырза, депутат,

37.Мониев Абдувахаб мырза, публист.

38.Наргозуев Бегалы, мурдагы депутат.

39.Нарматов Абдишүкүр ажы, аалым.

40.Нарын Айып мырза, журналист.

41.Никитенко Наталья айым, депутат.

42.Раев Султан мырза, коомдук ишмер.

43.Сасыкбаева Асия айым, мурдагы депутат.

44.Сооронкулова Клара айым, коомдук ишмер.

45.Сурабалдиева Элвира айым, депутат – ишкер.

46.Султанов Марат мырза, мурдагы депутат.

47.Ташиев Камчы мырза, мурдагы депутат.

48.Текебаев Өмүрбек мырза. мурдагы спикер-депутат.

49.Чотонов Өзбек ажы, аалым.

50.Чотонов Дүйшөн мырза, коомдук ишмер.

51.Шер – Нияз Садык мырза, депутат.

52.Шыкмаматов Алмамбет мырза, мурдагы депутат.

Чыгымга түшүп убара болбой эле Кыргызстаным деген ушул аты чыккан инсандарга депутаттык мандатты тапшырып иштетип койсок, Жогорку Кеӊештин көркүн ачуудан тышкары эл-журтубуз эӊсеп келген калыстыкты орнотуп, дүйнө жүзүн таӊ калтыраар элек.

Президент Сооронбай мырзанын коррупцияга каршы жана адилетүүлүк үчүн деген саясатын колдоо менен маданиятыбызды, экономикабызды көтөрүгө кеӊири жол ачылып, ынтымакта, улууларды урматтап көралбастык менен кызганычтан алыс болуп алга карай кадам шилтесек нур заманды курууга бет алмакбыз.

Ушул жолду эл колдосо, элдин тандоосуна жараша талапкерлердин калганын уядан учкан жаш балапан патриоттор менен толуктап, 70 депутаттан турган парламент түзсөк.

Караш Насер, коомдук ишмер

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости