СҮРӨТ- Чыпалак баатыр “палитичэская сила/ ум нада” деген ураан менен партия түптөдү

СҮРӨТ- Чыпалак баатыр “палитичэская сила/ ум нада” деген ураан менен партия түптөдү

Чыпалак баатыр социалдык тармактагы баракчасына 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого “Күчмен” аттуу партия, программа да түзүп, шайлоого аттанды. Биз анын текстинин орфографиялык гана каталарын оңдоп, сүйлөм түзүлүшүн калтырдык.

Көңүл бургула мага! Шайлоо жакындап келатат менин элим, канат-фанаттарым баарыңар ойгонгула! Менин жаныма катар-катар тизилгиле, мени колдоп шайлагыла демекчимин. Бүгүндөн баштап күч топтоп, акыл топтоп аракет кылалы э. «Күчмен» политическая сила, ум надо, сил надо и всё будет хорошо, Кыргызстан. Башка партияларга ишене көрбөгүлө, бир гана мага ишенгиле.

5 кадам эң негизги: 1.Чек ара жерлер бүт чечилип, тосулат бекемделип. Кыргыз жерлер эч кимге берилбейт, сатылбайт деп Конституция жагына жазылат мыйзам болуп.

2.Метро, ылдам жүрүүчү поезддер курулуп, туризм үчүн бүт жагынан өнүгүп баштайт.

3.Өздүк өндүрүш жагыбыз өнүгүп, бизнес болобу, завод, фабрикалар курулуп жумуш орундар элиме берилип, элдерим бай болуп жашап баштайт.

4.Коррупция же ууру чыккынчылар үчүн өлүм жаза каттуу тартип орнотуп баштайм.

5.Кыргызстан тил, маданият, тарых, өнөр, билим жана илим жагынан биринчи орунга чыгат демекчимин.

Ал эми “Күчмэн” партиясынын лидери Чыпалак баатырдын сөзү төмөндө өзгөртүүсүз берилди:

“Көңүл бургула мага! Шайло жакндап кэлатат мэнин элдэрим канат фанаттарм барңар ойгонгула! мэнин жанма катар катар тизилглэ мэни колдоп шайлагла дэмекчимин. Бүгүндөн баштап күч топтоп акл топтоп аракэт клалы э. /Күчмэн палитичэская сила/ ум нада сил нада и высё будэт харащо Кыргызстан. Башка партяларга ишэне көрбөгүлө бир гана мага ишэнглэ.

5 кадам ең нэгизги.. 1.Чэк ара жэрлэр бүт чэчилип тосулат бэкемдэлип. Кыргыз жэрлер еч кимгэ бэрилбэйт сатлбайт дэп Канститутся жагна жазлат мйзам болуп. 2.Мэтро ылдам жүрчү поэздэр крулуп трузим үчүн бүт жагнан өнүгүп баштайт. 3.Өздүк өндрүш жагбз өнүгүп бизнэс болобу завод фабрикалар крулуп жумуш орундар элдэримэ бэрилип элдерим бай болуп жашап баштайт. 4.Карупся жэ ууру чккнчылар үчүн өлүм жаза кату тартип орнотуп баштайм. 5.Кыргызстан тил маданят тарх өнөр билим илим жагнан бринчи орунга чгат дэмекчимин”,-деп жазган Чыпалак баатыр.

Партия лидери Чыпалак баатырдын бул посту көптөгөн талкууларды жараткан. Андагы комментарийлердин айрымдарын да өзгөртүүсүз окурмандарга сунуштайбыз: “Гулзат Мамытбекке уйлонуп Арстан Алайды окул ата шайлап ала анан учоон мен эле мен дейсинер”.

“Ээй Чплк бтррр, тамгаларды эконом кылганыңдай, бюджетти да эконом кылсаң сенден бир бригадир точно чыгат”.

“Эми эмне дейбиз, Парламентте деле сендей,Билими жоктор отурат,Кирип отура бер”.

“Депутаттардан айырмасы жок, бир айырмасы алар жалгандан айтат, бул чын журоктон”.

“Оппоо сен эле жетишпей аттын эле. Андан көрө алиппени жакшылап окучу”,-деген сыяктуу шакаба комментарийлер жазылган жана аны колдогондор дагы бар экендигин байкоого болот.

Эске сала кетсек, Чыпалак баатырдын өз аты Зарылбек Аликенов. Ал буга чейин коомдо өзүнүн чыпалагынын күчүн көрсөтүп келет. Ал спорт менен машыкпайт. Бирок чыпалагы менен автобус сүйрөп, мык ийип, 60 килограммга чейинки адамды көтөрүүгө алы жеткендигин көрсөткөн.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости