Сот Кубанычбек Кулматовго Москвадагы ата-энесине учурашып келүүсүнө уруксат бердиби?

Сот Кубанычбек Кулматовго Москвадагы ата-энесине учурашып келүүсүнө уруксат бердиби?

Бишкек шаардык соту мурдагы мэр Кубанычбек Кулматовдун жактоочусунун эки өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев «Азаттыкка» билдирди.

Адвокаттын айтымында, Кулматовго Москвадагы 90го чамалап калган ата-энеси менен жолугуп келүүгө жана банктык картасын иштетүүгө уруксат берүү өтүнүчү келтирилген.

«Карта дагы бир эле эсеп боюнча болчу. Бир аз акча бар экен. Баш тартып коюшту. Ал эми ата-энесин ал абакка камалганга чейин эки жыл, тергөө абагында отурган эки жыл көргөн жок. Мен муну адамгерчиликсиз мамиле деп эсептейм. Кийинки сот отурумуна чейин барып келсе жетишмек», -деди Слесарев.

Бүгүнкү отурумда жабыркаган тарапка сөз берилмек. Бирок, адвокаттын айтымында, алар даяр эместигин айткан соң сот кийинки жума, 28-февралга калды. Буга чейинки отурумга жабыркаган тарап келбей калган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости