Кыргызстанга 5 өлкөдөн келген жарандар карантинге алынат. Алар кайсыл мамлекеттер?

Кыргызстанга 5 өлкөдөн келген жарандар карантинге алынат. Алар кайсыл мамлекеттер?

Коронавирустун жайылышына байланыштуу Кытайдан келген жарандар менен катар эле Жапония, Түштүк Корея, Иран, Италиядан келгендер дагы карантинге алына баштайт. Мындай чара Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жаңы талабына байланыштуу киргизилгенин, 24-февралда өкмөттө коронавирустун алдын алуу штабынын жыйынында маалымдалды.

Маалыматка караганда, учурда Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар жок. Медициналык мекемелерде 143 адам көзөмөлдө, ал эми 391 адамга жашаган жериндеги медициналык кызматкерлер көз салып турушат. Өлкөнүн бардык чек араларындагы өткөрмө бекеттер күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.

Белгилей кетсек, учурда оорудан өлгөндөрдүн саны боюнча Кытайдан кийинки эле орунда Иран турат. Вирусту 50дөй киши жугузуп, анын ичинен 12си каза тапкан.

Ал эми, Түштүк Кореяда ооруну жугузуп алгандардын саны 770 кишиге жетсе, каза болгондордун саны 7ге жеткен.

Италияда болсо, 150 киши дартка чалдыгып, үч киши каза тапты.

Вирустун очогу болгон Кытайда каза болгондордун саны 2500гө жетсе, тумоону жуктургандардын саны 77 миңден ашты.

Мындан тышкары кечээ, 24-февраль күнү коронавирус жугузуп алгандар алгачкы жолу Ооганстанда, Бахрейнде жана Кувейтте катталды.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости