СҮРӨТ-Мас абалында автоунаа айдаган 29 жаран кармалды

СҮРӨТ-Мас абалында автоунаа айдаган 29 жаран кармалды

Бир жума ичинде 29 мас абалында автоунаа башкарган жарандар кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, Баткен облусундагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында күндүзгү жана түнкү кызматтарда иш алып баруу учурнуда, 17-февралдан 23-февралга чейинки аралыкта, Бузуулар Кодексинин негизинде 813 протокол түзүлгөн.

Алардын ичинен ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочулар -132, айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган айдоочулдар -11, мас абалда унаа башкаргандар -29, айнегин караңгылаткандар (тоннировка) -2, убактылуу короого токтотулган унаалар -38.

Ошондой эле, жума ичинде мамлекеттик кызматкерлер тарабынан 2 айдоочу мас абалда автоунаа башкаргандар кармалган.

Ал эми жума ичинде 2 жол кырсыгы катталып, каза болгондор жок.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости