СҮРӨТ- Адамды мыкаачылык менен өлтүрүүгө катыштыгы далилденген Азимжан Аскаров кайра акталабы?!

СҮРӨТ- Адамды мыкаачылык менен өлтүрүүгө катыштыгы далилденген Азимжан Аскаров кайра акталабы?!

Бүгүн Жогорку сотто өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун ишине байланыштуу жаңы ачылган жагдайлардан улам кылмыш ишин кайра кароо процесси башталды.

Ишти кароо процессине журналисттерди, укук коргоочуларды, эл аралык байкоочуларды, Евросоюз өлкөлөрүнүн элчилерин залга киргизишкен жок. Сот залынын сыртында мониторлор орнотулуп, алар ошол монитор аркылуу көз салып турушту.

Процесс мамлекеттик айыптоочулар кассациялык арыз менен толук тааныш эместигинен улам 6-апрелге жылдырылды.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 2-декабрында Жогорку сот Азимжан Аскаровго карата кылмыш ишинин айрым эпизоддорун жумшарткан. Бирок негизги айып-адам өлтүрүүдө катышкандыгы үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу мөөнөтү калтырылган.

Азимжан Аскаров республиканын түштүк аймагындагы 2010-жылдагы июнь окуяларында милиционерди өлтүргөндүгү жана улут аралык кастыкты козуткандыгы үчүн күнөөлөнгөн.

Жергиликтүү басылмалардын бири: «Июнь коогалаңында милиционер М.Сулаймановдун өлүмүн уюштурганын кошунасы, өзбек тектүү улутташы тастыктап аткан соң Азимжан Аскаровду кантип коргоп атышат? 2010-жылдагы июнь коогалаңынын уюштуруучуларынын бири саналган, жергиликтүү милиционер Мыктыбек Сулаймановдун мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнө катыштыгы далилденип, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун иши БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин сунушунун негизинде кайрадан каралууда.

Өткөн жылы башталган сот процессине маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышып, окуяны жеринен чагылдырышууда. Мына ошол сот процесстеринин биринде биринчи жолу күбө катары суралган Махмуджанов беле же Махмеджанов аттуу өзбек тектүү жаран, бир жагынан кошунасы А.Аскаровго тагылган айыптоолордун аныктыгын ырастаганын ошол процесске катышкан журналисттердин бири билдирди.

Ошол Азимжан Аскаровдун кошунасы, Махмуджанов (же Махмудов) аттуу өзбек тектүү күбө суроолорго ачык жооп берген экен. Анын айтымында, ал 2010-жылдын 12-июнунда массалык баш-аламандык орун алган жерден кошунасы А.Аскаровду чырдын тутанышына себепкер болгонун жана М.Сулаймановдун өлүмүнө катыштыгы бардыгын, кырсык орун алган жерди баштап жүргөнүн көргөнүн баса белгилеген болчу. Эгер мындай көрсөтмөнү башка улуттун өкүлү берсе бир жөн, болгондо да өзбек улутундагы кандашы билдирип атпайбы! Баарынан кызыгы, ошол окуядан кийин экөө абакта чогуу отуруп калышкан экен. Дал ошол абактан Махмуджанов (же Махмудов) Аскаровду сабаганын, буга Аскаровдун айынан анын инисинин үйүн өрттөлгөнү себеп болгону белгилүү болду»,-деп жазган.

Мыктыбек Сулайманов өлтүрүлгөн жер.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости