Кыргыз-тажик жер алмаша турган болду

Кыргыз-тажик жер алмаша турган болду

Кыргызстан менен Тажикстан жер алмаша турган болду. Бул тууралуу Asia-Plus басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка таянсак, Баткенде эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясы мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркация маселеси боюнча отурумга чогулган.

«Тажик-кыргыз вице-премьерлери Азим Иброхим жана Акрам Мадумаров жетекчилик кылган отурумда тараптар тарыхта биринчи ирет чек аранын талаштуу жерлеринин 23 гектарын алмашуу боюнча макулдашты», — деп жазган басылма.

Бул маалымат боюнча кыргыз өкмөтү төмөнкүдөй үн катты.

«Жыйынга мындай комментарий берүү эртелик кылат деп ойлойбуз. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы делимитация жана демаркация маселелерин чечүү сүйлөшүлүп жатат».

Белгилей кетсек, жыйында укуктук маселелер боюнча жумушчу топторго кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун укуктук негиздерин талкуулоону улантуу тапшырылган.

Ошондой эле, топографиялык топтор мамлекеттик чек аранын долбоордук сызыгын чийүү маселесин кароону жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында туташ болбогон жана ортодо калган тилкелерди чечүү маселесин иштеп чыгууну улантылары маалымдалган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости