Кыргызстандын эли замандын талаптарына ылайык бириге алабы?

Кыргызстандын эли замандын талаптарына ылайык бириге алабы?

24 февралда «Достук» мейманканасынын конференц-залында, «Кыргыз келечеги» коомдук бирикмесинин кеңейтилген жыйыны өттү. Ал жыйында мамлекетибиздеги жана коомубуздагы азыркы коомдук-саясий кырдаал талкууланып, коомубуздун өнүгүшүнө, өлкөбүздүн өркүндөшүнө тоскоолдук жаратып келе жаткан, көп жылдардан бери калыптанып калган көйгөйлүү маселелерди чечүү жолу талкууланды. Жыйында башкы маселелеринин бири — Конституциялык реформа. “Азыркы “өлүк” Конституцияны жандандыруу, коомчулуктун башкы милдети”, — дейт жыйындын катышуучулары.

Жыйында, Кыргызстандын элин бириктирүү жолдору каралды. Бул маселе да чоң проблемага айланып калгандыгы белгиленди.

«Тарыхый кыска мөөнөттүн ичинде мамлекеттик бийлик узурпацияланып, үй-бүлөлүк-кландык жана партиялык-олигархтык бийлик жүргүзүүнүн негизинде коомубузда коррупция, кылмыштуулук гүлдөп, мамлекеттин экономикасы кыйроого учурап, өтө чоң деңгээлде жакырчылык, жумушсуздук күч алды. Бала-бакырасын, үй-бүлөсүн багуу максатында жүз миңдеген жарандарыбыз чет мамлекеттерге жумуш издеп чыгып кеткенге мажбур болушту. Ошол жагдайларда элибиз эки жолу мамлекеттик бийликти күч менен алмаштырууга барганынын кесепеттеринин бири болгонун жашыра албайбыз», — деди өз сөзүндө, “Кыргыз Келечеги” коомдук бирикмесинин төрагасы Мукар Чолпонбаев.

«30 жылдан бери эгемендүү мамлекет курган менен чек ара маселеси бүгүнкү күнгө чейин чечилбей, чек ара талаштары уланууда. Чек ара чатактарына катышып, жерибизди коргогон Кыргызстандын жарандары кыргыз бийлиги тарабынан куугунтуктоого кабылып, бир канчасы камакта отурушат. Ошол эле маалда «Баткен жери Тажикстандын жери болчу» — деп, чагымчылдык кылган Тажикстандын бийлик өкүлдөрү эч жоопко тартылбай турат», — дейт Чолпонбаев.

Өлкөбүздүн кен байлыктары таланып, тонолуп, руда түрүндө да, концентрат түрүндө да ташылып кетип жаткан көйгөйгө да токтоп, алтын бөлүп алуучу фабриканын жоктугунан алтын кендери жырткычтык жана экологияны бузуу менен иштетилип, таза алтын чыгарылбай жана мамлекет менен бөлүшүлбөй, түз чыгарылып кетүү проблемасы туралуу да Чолпонбаев сөз кылды.

“Жыйындын катышуучулары, Кыргызстандын банктарынын ээлери негизинен чет элдиктер болуп, Кыргызстандын элине кредиттерди аябагандай чоң үстөк менен берилип, ал кредиттерди элибиз төлөй албай, азыркы күндө 500 миңден ашык үй-бүлөөлөр банктарга жана башка финансылык мекемелерге карыз болушуп, үйүнөн жана башка мүлкүнөн ажыроодо. Кардарлардын бул көйгөйлөрүн чечүүгө, карызкорлордун укугун коргоого багытталган мыйзамдар жетишсиз”, — деп жыйындын катышуучулары белгилешти.

Жыйында көптөгөн көйгөйлүү маселе көтөрүлдү. Анын ичинде элементардык маселе болгон мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктай турган орган да Конституцияда көрсетүлбөгөн.

«Конституциялык реформа жүргүзүү талабы канчадан бери турса да, маселе күн тартибине коюлбай келе жатат», — деп белгиледи жыйындын төрагасы М.Чолпонбаев.

«Кыргыз Келечеги» коомдук бирикмесинин кеңейтилген жыйыны катышуучулардын пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен төмөндөгүдөй чечимге келди:

1. Баткен облусунда чек араны коргоого катышкан жана ошол үчүн камакка алынган Кыргызстандын жарандарын тез аранын ичинде камактан бошотуу талап кылынсын;

2. Жогорку Кеңештен жана Өкмөттөн кен байлыктарды руда жана концентрат түрүндө чыгарып кетүүгө тыйуу сала турган жана алтын кендерин иштетүүдө ар бир кенден алынган металлдын эң кеминде 50%ы Кыргызстанда кала тургандай мыйзамдарды кабыл алуу талап кылынсын;

3. Кумтөр чатагы боюнча соттолгон С.Жапаровду мыйзамдарды туура колдонуу менен камактан чыгаруу талап кылынсын.

4. Сүткорлукту чектөөгө багытталган мыйзамда насыянын үстөгү 10%дан ашпай турган чектөө коюучу өзгөртүү киргизүү талап кылынсын;

5. “Баткен жери Тажикстандын жери болчу” — деп, чагымчылдык кылган, тактап айтканда, Таджикистандын Согдий облусунун Ички иштер башкармалыгынын начальниги генерал-майор Аблулло Навджувонов жоопко тартылсын. Муну Кыргыз өкмөтү Таджикстандын жетекчилигинен талап кылсын;

6. Тез аранын ичинде конституциялык кеңешме түзүп, коомдук-саясий реформа өткөрүүгө киришүү Президентке сунушталсын.

Жыйындын катышуучулары бардык мекенчил күчтөрдү, Кыргызстандын элин замандын талаптарына ылайык ынтымакка жана биригүүгө чакырат.

Ырыс Асан, NazarNews.kg

Назар Новости