Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында чечиле элек 5% гана жер калса, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек аранын 60% ашууну чечилген.  Бул тууралуу өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирди

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында чечиле элек 5% гана жер бар. Ал эми Тажикстан менен канча % жер калды?

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында чечиле элек 5% гана жер калса, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек аранын 60% ашууну чечилген. Бул тууралуу өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, көңшу өлкөлөр ортосунда чечиле элек дээрлик аз эле жер калган. Маселен, Өзбекстандын чек арасында чечиле элек 5% гана жер калса, Тажикстандын ортосундагы чечиле элек 40% жер калган.

Буга башланыштуу, 21-22-февраль күндөрү кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки тараптуу өкмөттүк жумушчу топтун жолугушуусу болуп өткөн. Жолугушууга Кыргызстандын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров менен Тажикстандын өкмөт башчысынын орун басары Азим Иброхим баштаган жумушчу топтор катышкан. Жыйынтыгында эки өлкөнүн коңшулаш жайгашкан Баткен жана Согди облустарынын кызматташтыгы боюнча иш планы бекитилип, документке эки облустун жетекчилери кол койгон.

Ал эми, мурдагы жолугушууларда кол коюлган протоколго ылайык, топографиялык топ иштеп чыккан 114 чакырым аралыктагы макулдашылган чек ара аймагын аныктоо, чек ара аймагында шахмат түрүндө жайгашып калган жерлерди алмашуу боюнча маселелер каралган.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости