ВИДЕО-Жумгалда коронавирустан кооптонгон тургундар кытайлык жумушчуларга каршы чыгышты

ВИДЕО-Жумгалда коронавирустан кооптонгон тургундар кытайлык жумушчуларга каршы чыгышты

Кечээ, 23-февралда Жумгал районунун Кабак айылындагы коронавирустан кооптонгон жыйырмадан ашык жергиликтүү тургун түндүк-түштүк жолун салып жаткан кытайлык ишкананын жумушчулары айылдын ичинде жүргөнүнө каршы болушууда.

Окуяны «Фейсбуктан» түз эфирде көрсөткөн Дастан Абдыралиев аттуу колдонуучунун видеосунда чогулгандар кытай жумушчулары айылдан таптакыр чыгып кетишин талап кылып жатканын көрүүгө болот.

Кабак айылынын өкмөтү Максат Самсалиевдин айтымында, нааразы болгондорго кытай жарандары өз ишканасынын аймагынан чыкпайт деп түшүндүрүлдү. Айыл башчынын маалыматына ылайык, Кабакта жаңы жылда кетпей калган эки кытай жараны бар. Жаңы жылдан кийин дагы төрт кытай жумушчусу келген.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын расмий органдары өлкө аймагында Кытайдан тараган вирусту жуктуруп алгандар жок экенин маалымдаган. Бишкекте сыркоолоп, эти ысыган Кытайдын жараны «Тез жардам» менен 20-февралда Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына жеткирилген. Ал Кыргызстанга январь айынын башында келген. Дарыгерлердин текшерүүсүндө анын дене табы 37.6 градустан жогору болуп, мурду бүтүп жатканы белгилүү болгон. Коронавирусту аныктоо үчүн анализ алынып, жыйынтыгында таза чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости