ВИДЕО-Уй операция жолу менен эки баштуу музоо тууду

ВИДЕО-Уй операция жолу менен эки баштуу музоо тууду

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Күрмөнтү айылында эки баштуу музоо туулду. Бул тууралуу Turmush жазып чыкты.

Мал доктур Нургазы Кудайберген уулунун айтымында, музоо «кесарева» жолу менен туулган. Антпесе, ал тирүү калмак эмес, ошондуктан аны операция кылууга туура келген.

«Мага Күрмөнтү айылынын жашоочусу Ырыскелди Орозбаев телефон чалып, уйу тууй албай жатканынын билдирди. Мен бара жатканда, уй азап тартып жатканын сездим. Кол менен изилдөөдө музоонун эки башы бар экени аныкталды. Жардамчым Элеман Дайырбековду чакырып, экөөбүз операция жасадык. Уйду сактап калуу үчүн ага укол сайдык. 23-февралда аны көрдүк, басып тоют жей баштаптыр”, — деп айтты мал доктур.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости