ВИДЕО — Таландыга калып кеткен төраганын орду

ВИДЕО - Таландыга калып кеткен төраганын орду

Профсоюздар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакуновду кызматтан четтетүү акциясы бүгүн активдүү фазасына өттү.

Анын төрагалыктан алууну каалагандар Асанакунов «кызмат ордун мыйзамсыз ээлеп турат, федерациянын мүлкүнө байланышкан жеке кызыкчылыктары бар», — деген айыптарды коюуда. Андан сырткары, нааразы тарап Мирбек Асанакунов убагында Кесиптик кошуундар федерациясынын төрагалыгына мыйзамсыз бекитилген, себеби, документтери жасалма жана кесиптик билими жок деген жүйөөнү карманышууда.

Ал учурда Мирбек Асанакунов келтирилген доолордун бардыгын четке кагып, үч ирет сот анын пайдасына чечилгендигин айтып, нааразычылык акциясын уюштургандардын өздөрүн паракорчулукка айыптады.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости