ВИДЕО-Атамбаев менен жолугушкан Момбеков: “Түрмөнүн ичинде өлүп калбайын деп аракет кылып жатам деди”

ВИДЕО-Атамбаев менен жолугушкан Момбеков: “Түрмөнүн ичинде өлүп калбайын деп аракет кылып жатам деди”

Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Асел Кодуранова УКМКнын абагында жаткан Алмазбек Атамбаевдин абалы менен таанышып чыкты.

Алардын айтымында, Атамбаев абакта даарыланат.

Асел Кодуранованын айтымында, Алмазбек Атамбаев аны жакшы карап жатканын белгилеген.

«Анын буга чейин дагы кан басымы төмөн болчу. Азыр 80-60 болуп жатат экен. Азыр ал бал менен чай ичип, саламаттыгына карап жатат. Күнүнө бир жолу спортзалга барып турат экен», — деп айтып берди Рыскелди Момбеков.

Депутат Атамбаев ордунан турганда жыгылып кетейин деп жатканын кошумчалады.

«Ушунчалык аракет кылып жатам, секирчү эмесмин, спорт залга барып секирип жатам. Түрмөнүн ичинде өлүп калбайын деп аракет кылып жатам» деп ачык эле айтты», — деди Момбеков.

Белгилей кетсек, бүгүн, 21-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдында Атамбаевдин тарапташтары жана айылдаштары чогулду. Алар мурдагы президенттин саламаттыгы начар болуп жатканын айтышып, “бийлик жактан эч кандай реакция болбой жатат”деп нараазычылыктарын билидиришкен.

Митинг учурунда депутаттар Рыскелди Момбеков, Анвар Артыков, Мухтар Айнакулов, Асель Кодуранова жана башкалар келишип, УКМКнын ичине кирип кетишкен.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости