ВИДЕО- Арстан Алайдын баласын эки киши тапанча менен коркутту

ВИДЕО- Арстан Алайдын баласын эки киши тапанча менен коркутту

Борбор калаада Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери 19 жаштагы баланы тапанча менен коркутту деген маалымат тарап, аталган кызмат тапанча такаган киши ал жакта иштебегендигин билдиришкен. Учурда шектүүлөр 48 саатка камалып, андан кийин үй камагына чыгарылган.

Бул тууралуу Арстан Алай (Абдылдаев) NazarNews.kgге билдирди.

Маалыматка караганда окуя 18-февралда болгон. Болжол менен саат 15:30да бир киши Көлбаев менен Калинина көчөлөрүнүн кесилишинде тапанча менен коркутушкан. Эки белгисиз адам мас абалында ага келип, атып салабыз деп коркута башташкан.

Укук коргоочулар эки шектүүнү кармашып, алар 31 жаштагы К.К. жана 28 жаштагы М.П. шектүүлөрдөн тапанча менен кармалган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Бейбаштык” беренеси боюнча катталып, тергөө иштери улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости