Кечээ, 6-февралда Бишкек шаарында, Ак-Үйдүн астында митинг болуп өткөн. Ага жер тилкелерибизди мыйзамдаштыра албай жүрөбүз деген 50гө жакын адам, нааразычылык акциясына чыгышкан. Буга нааразы болгон жарандардын арасында, 9 баласы менен көчөдө калган аял өзүнө бензин куюп, өрттөнүүгө даяр экенин айткан.
Эске салсак, акцияга чыккандар мындан 5-6 жыл мурун Сокулуктун Военно-Антоновка айылынан жер тилкесин алышып, ошол жерлерге бүгүнкү күнгө чейин үй сала албай жатышканын айтышат. Себеби аны мыйзамдаштыруу иштери ишке ашпай келет.
Алар депутаттар Рыскелди Момбеков жана Исхак Масалиевди сыртка чыгып эл менен жолугуушусун талап кылышкан.
Булак: NazarNews.kg