Кыргызстандагы түгөйсүз калган Гита рак илдети менен күрөшүүдө

Кыргызстандагы түгөйсүз калган Гита рак илдети менен күрөшүүдө

Кыргызстандагы түгөйсүз калган Гита рак илдети менен күрөшүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Анда, Сокулук районуна караштуу Жаңы- Жер айылынын тургундары сиам эгиздери Зита жана Гита Резахановалардын тагдыры тууралуу коомчулукка маалым. Алар төрөлгөндө эле денелери биригип төрөлгөндүктөн, 2000-жылдардын башында эгиздерди орусиялык хирургдар ажыратып, Зита жана Гита өз алдынча жашап калышкан эле. Ийгиликтүү ажыраттуудан толук 15 жыл өткөндөн кийин (2015-жылы), түгөйлөрдүн бири Зита оорудан каза болгон. Ал эми, түгөйсүз калган Гита 2019- жылы ооруп, Москвадагы клиникаларга көрүнгөн. Ал жактан ага жоон ичегисинин рагы деген диагноз коюп, операция жасашкан. Азыр, Гита химиялык терапия алуунун алдында турат.

«Зита окууну аябай самачу. Анын көзү өтүп кеткен соң өзүмдү колго алып, түгөйүмдүн кыялын ишке ашырууну максат кылдым. 4 жыл колледжде окуп, эми гана мугалим болуп иштеп баштагам. Эки ай иштегенден кийин рак дартына чалдыкканымды билдим. Ошого байланыштуу жумушка бара албай калдым. Мындан ары деле бара албасам керек… Мен ооруну татыктуу кабыл алдым. Мындан ары апам ачкан борбордо иштейм»,- деп, Гита өз сөзүндө буларга токтолду.

Эске салсак, кыздардын апасы Зумрият Резаханова учурда кыздарынын чоң кыялын ишке ашырып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөткөн борбор ачкан.


Булак:NazarNews.kg

Назар Новости