ВИДЕО-Таласта жарадар карышкыр адамга кол салууга аракет кылды

ВИДЕО-Таласта жарадар карышкыр адамга кол салууга аракет кылды

Таласта жарадар карышкыр адамга кол салууга аракет кылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 21-январда Талас районунун Кууганды айыл аймагында катталган. Анда жергиликтүү тургун эртең менен 9:00 чамасында талаада кой жайып жүрүп, жарадар карышкырды байкап калган. Ал жанына ат менен барган учурда жырткыч ага кол салууга аракет кылган.

Видео материалдан жырткычтын үрүп жатканын көрүүгө болот. Мындан улам айрым социалдык колдонуучулар анын карышкыр экенинен күмөн санашууда.

https://www.youtube.com/watch?v=mgEvU28LIWk

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости