Кыргыз жылкысынын ДНКсын кыргыз-корей окумуштуулары изилдешет

Кыргыз жылкысынын ДНКсын кыргыз-корей окумуштуулары изилдешет

Кыргыз-корей окумуштуулары кыргыз жылкысын изилдешет. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Түштүк Корея менен Кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институтунун окумуштууларынын ортосунда илимий изилдөөлөр жана басылмалар, илимий кызматкерлер арасында маалымат алмашуу жаатында меморандум түзүлдү. Меморандумдун негизги максаты кыргыз жылкысынын ДНКсын изилдеп, генетикалык банк түзүү жана кыргыз жылкысынын жөндөмдүүлүгү тууралуу маалыматты элге жайылтуу болуп саналат. Меморандумдун алкагында институттун жылкы бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Нарын областынын Ат-Башы районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын фермери Ж.Осмоновдун жеке менчигиндеги жылкыларына изилдөө жүргүзүлүп, тышкы келбетине баа берилип, өлчөмдөрү ченелди.

Эми, Түштүк Кореянын окумуштуулары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймактарын кыдырып, кыргыз жылкысынын кунардуулугун жана биологиялык өзгөчөлүктөрүн изилдеп, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүгүзүп келүү күтүлүп жаткандыгы айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости