СҮРӨТ-Учурда Людмила Путина эмне менен алектенет?

СҮРӨТ-Учурда Людмила Путина эмне менен алектенет?

Владимир Путин болгону бир жолу үйлөнгөн. Анын жубайы Людмила Александровна.

Людмила басма сөз менен байланышканды жактырбагандыктан, ага “көрүнбөс ханайым” деген лакап ыйгарышкан.

Жубайлардын 30 жылдык никеден кийинки ажырашуусу коомго дагы деле табышмак бойдон калууда. Белгилүү булактар алардын 2013-жылда эле ажырашкандыгын билдиришкен.

Ар кандай ушактарга жол бербеш үчүн Орусия Федерациясынын президенти аялы менен бир интервьюда эки тараптуу чечим менен ажырашышкандыгын жарыялаган.

Людмила Путинанын жеке жашоосундагы өзгөрүү

Айрым ММКлар өзүнүн рейтингин көтөрүү үчүн Владимир Путиндин жубайы Людмила монастрга же дагы бир белгисиз жактарга кетип калды деген имиштерди чыгарган. Бирок кийинчерээк экс-ханайым жогоруда айтылгандай турмуш таризинде жашабай эле, турмушка чыккандыгы белгилүү болду.

Экс-Путинанын жаңы жолдошу Инсандар ортосундагы байланышты өнүктүрүү борборунун жетекчиси Артур Очеретной болуп чыккан. Артурдун биографиясына байланыштуу өтө аз маалыматтарга караганда эркек жубайынан 20 жашка кичүү. Жубайлар чогуу өткөргөн убактыларын ММКнан катуу жашырышкан. Фотографтар экөөнүн байланышын тастыктаган сүрөттөрдү Лондондогу эл аралык Хитроу аэропортунан тартып алышкан.

Людмила Путина публикага көп чыкпагандыктан, анын жаңы жолдошу менен түшкөн сүрөттөрү өтө сейрек.

Артур жана Людмила Очеретнойлор

2016-жылы журналисттердин колуна түшкөн документтерге таянсак, Людмила Александровна азыркы жолдошунун фамилиясына Очеретная болуп өткөн.

Учурда Людмила Путина эмне менен алектенет?

2019-жылы өлкө башчысынын мурдагы жубайы публикадан дагы деле ыраак өмүр кечирүүдө.

Жер тилкелерин мамлекеттик каттоо бирдиктүү реестрине катталган маалыматтарды журналисттер анализдешти. 2018-жылы Людмила учурда Очеретная Москванын четинде жайгашкан 8 жер тилкесин сатып алган. “Миллениум-парк” деп аталган айылдагы сатылып алынган жер тилкелеринин баасы риелторлордун айтымында 380-432 миллион рублди түзөт.

ММКнын өкүлдөрү документтерде көрсөтүлгөн реализатор аткаруучусу Татьяна Шестаковадан (Владмимр Путиндин улуу кызы Екатарина Тихонова сыяктуу аутоимунных оорулар боюнча адистешкен) комментирий алууну көздөшкөн. Тилекке каршы, Татьяна Шестакова менен байланыша албагандыктан, комментарий алууга мүмкүнчүлүк болбоду.

Андан кийин Людмила Очеретная Франциядан кыймылсыз мүлк сатып алуу үчүн жер тилкелерин сатып алгандыгы маалым болду.

Булак:NazarNews.kg

Назар Новости